Алимжанова Дамира

Википедия дан

Алимжанова Дамира 1970-жылы 14-июлда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында кызматкердин уй-булосундо туулган.

1987-жылы Куршаб айылындагы Ленин атындагы орто мектепти аяктап, Куршаб совхозунда комсомолдук кызматта иштеген. Бир жылдан кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетине тапшырып, ушул эле жылы Токтогул районундагы Гагарин атындагы орто мектепте музыка мугалими болуп ишин баштаган. 1992-жылы мына ушул окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган.

1998-жылы Токтогул шаарчасындагы Н. Биримкулова атындагы орто мектепте мугалим, кийин директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп, андан кийин директорлук кызматта эмгек жолун уланткан. 2000-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар комитетинин торайымы болуп иштеген. Ал эми 2004-жылдын февраль айынан баштап, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык маданий онугуу болумундо социалдык мобилизациялоо секторунда жетектоочу адис болуп иштеген.

Бугунку кундо Жалал- Абад шаардык элге билим беруу болумунун башчысы.