Алимжанов Ануар Турлыбек улы

Википедия дан

Алимжанов Ануар Турлыбек улы - (12. 5. 1930, Алматы облусу, Сарканд району, Карлыгаш айылы - 9. 11. 1993, Алматы) - казак жазуучусу. Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Орусия), «Ленинская смена», «Правда» (Орусия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан ЖСнун 1-секретары, Казакстан тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча борбордук кеңештин төрагасы болгон. Алгачкы аңгеме, очерк, публицистикалык макалалары 1952-ж. жарык көргөн. Алимжанов - «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда» (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миң миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) ж. б. учурдагы проблемалар жөнүндөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия жөнүндөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атындагы сыйлыгы (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман» (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. Алимжановдун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]