Алмамбеттин Бээжинден качып чыгышы

Википедия дан

Алмамбеттин Бээжинден качып чыгышы — эпостогу кеңири белгилүү сюжеттердин бири, варианттардын көбүндө негизинен бирдей айтылат.

Шаша үйүнө келген Алмамбет энеси Экзерге мусулман болууну сунуш кылса, жанына жуутпай коёт. Атасы да мусулманчылыктан баш тартат.

Соорондүктүн буйругу боюнча кармамакчы болуп өзүнө жабылгандардан кутулуп чыгып, даяр турган атына минип Алмамбет качып чыгат. Артынан кууган куугунга, жолдон тоскон тоскоолдорго бой бербей калың аскер менен жалгыз кармашып, сепилден аман чыгып, болжогон күнү өзүн күтүп жаткан Көкчөгө келип көрүшөт.

Радлов жазып алган вариантта Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген.

Саякбай Каралаевдин  вариантында мусулманчылыкты кабыл албай койгондугу үчүн атасын өлтүрүп, Алмамбет энеси, Мажик, кырк жигити болуп качып чыгат. Кытайдын Алмамбетти кармамак болгон Коңурбай баштаган калың аскери менен согушта энеси, кырк жигити өлүп, Алмамбет Мажик экөө качып кутулат. Шапак Рысмендеевдин варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын,Багыш Сазановдун вариантында Алмамбет  Саякбай Каралаевдин  вариантындай атасын өлтүрүп качат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4