Алмаши Дёрдь

Википедия дан

Алмаши Дёрдь (1867—1933)— венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф. 1900-ж. (июль — ноябрь) А. Ысык-Көлдүн чыгыш жээги, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз суусунун алабынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнө саякат жасаган. Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алган. Ал жазып алган «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген эпостун үзүндүсү 1911-ж. «Восточное обозрение» журналына чыккан. Кийинчерээк, бул үзүндүнүн котормосу немец тилинде да басылып чыккан. Ал өзүнүн бул макаласында «Манас» эпосунун поэтикалык айтылышына анын ыр түзүлүшүнө кайрылат жана үчилтикке кыскача мүнөздөмө берет. Окумуштуунун билдирүүсү боюнча ал жазып алган эпостун үзүндүсүнүн тили бугу уруусунун кара кыргыздарына таандык. Тактап айтканда, Нарынкол аймактагылардын диалектиси, «ага таптакыр эле сарттар менен казактардын тилинин таасири тийген эмес». Үзүндүнүн 73 ыр сабынан турган кыргызча тексти латын транскрипциясы менен жазылган. Бул чакан үзүндүнүн мазмуну мындай: Манас менен Чубак алты ай жол жүрүп жетүүчү Бээжинге жөнөр алдында 80 жигит кошчу алып, өзүнүн аргын, ногой калкы менен учурашып турганда алардын аман-эсен келишин тилеп журту чуулдап коштошуп узатат. Ошондо Аккулага кызыл үртүк жаптырып, кырк эки күлүк коштотуп, Манас алыска жолго чыгат. Төрөлгөнүнө 60 күн болгон уулу Семетейди Каныкей алардын алдына алып келет. Жортуулга даярданып жүрүп, уулун эсинен чыгарган Манас Семетейди колуна көтөрүп, эркелетип, аны эрезеге жеткирип чоңойтпой каларына арман кылат: «Аманат жанга өлүм ак, Ажалым жетсе өлөрмүн Кош эми балам, аман бол», — деп коштошот. Ошентип, Манас он эки миң кол менен «Эки ай сапар жол басып, Иртыш дайра чоң сууга» душмандардын чегине жетет. Ушуну менен окуя бүтөт. Окумуштуу бул үзүндүнү качан, кайсы жерде, кимден жазып алгандыгы жөнүндө эч кандай маалымат бербейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4