Алмашым

Википедия дан

Алмашым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөзү, обону Р.Абдыкадыровдуку[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билбейм неге кетпей койдуң эсимден,
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылат,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсың бы кайдасың ?

Көргүм келип сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластан таппай калдым айласын.

Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың .