Абдыкадыров, Рысбай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Абдыкадыров, Рыспай
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Абдыкадыров, Рыспай
Туулган жылы: 12.01. 1941-жыл
Туулган жери: Кызыл-Булак айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргызстан
Каза болгон жылы: 12.09.1994-жыл
Каза болгон жери: Ош шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: обончу, ырчы жана педагог
Наамдары: Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1953-жылдан баштап

Абдыкадыров, Рысбай– 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы.
Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө обондору, ырлары менен жаркын из салган албан талант.

Өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал 1941-жылы 12-январда Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган.
Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.

Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Рыспай үч жолу нике жаңырткан.
Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп жашоодогу тун сүйүүсүнө жолугуп, бири-бирине аруу, таза махабаттарын арнашып Тоту экөө баш кошушкан.
Эки кыздуу болгон соң жубайлардын ортосунда кайсы бир себептерден улам мамилелеринин муздай баштаганы байкалат. Дал ошол кезде Рыспай кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзеге ооруканага келет.
Ооруканадан Рыспай өзүн дарылаган ак халатчанга көзү түшөт. Ансыз да Тоту экөөнүн мамилеси келишпей турган Рыспай аны менен ажырашып, ак халатчан Оңолго үйлөнөт.
Көкүрөктөгү өрт, көөдөнүндөгү ырлары, жан дүйнөсүн тынч койбогон чыгармачылыгынын азгырыгы Оңол экөөнү да көпкө жашаткан жок. Буга ыр кумарынан чыга албаган Рыспай үй чарбачылыгын ойлобой, ар дайым гостролдоп, элдин көңүлүндө жүргөнү экөөнүн ортосундагы мамиленин алысташына себеп болгондой.
Рыспай менен Оңол да кол үзүшүп, эки кызы ырчынын апасында калып, эң кичүү кызы жубайы менен кеткен.
Көңүлүнүн түпкүрүндө аздектеген кыялы, бир келчү бакытын издеп жүргөндө кадимки даңазалуу "Издейм сени" ыры жаралган окшобойбу. Акыры Рыспайды издеткен бактысы табылып, күйөрмандарынын арасынан сүйүү кумарына жетеленген Давлет эле.
Давлет Рыспайдан бир топ жашка кичүү болсо да, ага арналган махабатынын аруулугун, тазалыгын ойлоп, "Бактым бол" деген сунушуна макул болду.
Рыспай менен Давлеттин жашоосун бузуу үчүн аракет жасаган адамдар да болбой койгон эмес.
Давлетке атайын келип "Рыспайың ар күнү ар башка кыз менен жүрөт. Деги эле кыз жандуу неме. Ырын арнаган акактай сулуулары бар" деген түрлүү ушактар жүрөгүнө тынчтык бербей туйлатса да, эч бир сыр бербей жалындаган көз, жагымдуу жылмаюусунан жазбай келген. Мына ушундай мүнөзүнө ырчы да арбалып, жипсиз байланып, чыныгы бакытын тапкан.
Ырчы өзү жөнүндө кеп козгогондо "Мен бир гана саат бойдок болдум. Тотудан ажырашып бүтө электе Оңолго үйлөнүп, Оңол Бишкектен узатып, Ошко келгенде Давлет күтүп алды"-деп тамашалап калганын жакын санаалаштары азыркыга чейин айтып келишет. Давлет экөөнүн ортосунда Сюита аттуу кызы бар.
Бүт өмүрүн Рыспайга арнаган Давлет 2003-жылы 1-ноябрда көз жумган.
Рыспайга арнап музей ачам деп жүргөн тилегине жетпей кеткен.

Элге сиңген чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет.

Чыгармаларынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Ырлары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Айтсаң боло» с. С.Жусуевдики
  • «Ак кайың» с. С.Жусуевдики
  • «Алмашым» с. Р.Абдыкадыровдуку
  • «Алтынчы күнү кечинде» с. М.Алиевдики
  • «Бакыт ыры» с. А.Белековдуку
  • «Биз экөөбүз» с. О.Султановдуку
  • «Бото көз» с. Т.Касымалиевдики
  • «Жолугупсуз мага бекер сиз» с. Н.Жаркынбаевдики
  • «Жүрөк вальсы» с. Б.Курманкуловдуку
  • «Жүрөктү кетпе жаралап» с. И.Гилязетдиновдуку
  • «Издейм сени» с. Ж.Мамытовдуку
  • «Койчунун ыры» с. Т.Салиевдики
  • «Колхозумдун чабаны» с. С.Сүйөрованыкы
  • «Кылчактап неге карадың» с. Н.Байтемировдуку
  • «Кымбатым» с. С.Жусуевдики
  • «Өмүрүмдүн кымбаты» с. К.Шаршеновдуку
  • «Сагынуу» с. К.Ташбаевдики
  • «Өскөн жер» с. Б.Абакировдуку
  • «Таанышыңдай карагын» с. Ж.Алымовдуку
  • «Түгөйүм» с. Ж.Алымовдуку
  • «Эсиңдеби» с. Ж.Алымовдуку ж.б.

Дисктери[оңдоо | булагын оңдоо]

Издейм сени (Ж.Мамытов) – Р.Абдыкадыров, Койчунун ыры – Г.Момушева, Алмашым – К.Кожомкулов. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035859 -0 005.

Ырчынын сыйлыктары, наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

1988-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Көпчүлүктү өкүндүргөн маселе Рыспайдын тирүү кезинде эмес, көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген.
Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган.
1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук кор (фонд) да уюшулган.
Рыспайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.

Рыспай Абдыкадыров атындагы клуб[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыздын улуу таланты, композитор Рысбай Абдыкадыровдун экинчи өмүрү улантылып келе жатат.
1994-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деңгээлинде гана уюшулган Рысбай Абдыкадыров атындагы клуб эми эл аралык деңгээлге жетип, 2009-жылы 25-ноябрда маарекесин өткөрдү.
Бул клубдун өлкөдөгү мүчөлөрүнүн саны 120дан ашкан.
Аталган клубдун негиздөөчү жетекчиси - Султан Борошов мырза.

Ал тууралуу эмгектер[оңдоо | булагын оңдоо]

Рыспай клубу «Жарк деп өткөн Рысбай кыргыздын муза символу» аттуу жыйнагын чыгарууну болжоп жатат.
Бул жыйнак 50дөн ашык чыгарманы камтып, кыргыз жана англис тилдеринде жарык көрмөкчү.
Китепти англис тилине АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган композитор, бул клубдун мүчөсү Антонио Пааш которууда.
Мындан сырткары Антонио Пааш Р.Абдыкадыровдун «Сагынуу» деген чыгармасынын негизинде 4 бөлүмдөн турган симфониясын жазып бүткөн.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]