Кыргызстандык

Википедия дан
Кыргызстандык айрым чыгаан инсандар

"Кыргызстандык" (орусча "кыргызстанец" жана "кыргызстанка"; англисче Kyrgyzstani) - негизги калкы кыргыз улутунан турган эгемен Кыргызстандын ар кыл этностордон куралган калайыгынын өкүлү.

Бул сөз "Кыргызстан" жана "-лык" мүчөсүнөн куралган.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тили - кыргыз тили.

Андан тышкары алар баарлашуу тили катары орус тилин да колдонуп келишет, ошондуктан бул орус тил Кыргызстанда мамлекеттик тил макамынан ылдыйыраак "расмий тил" макамын алган.

Кыргыз улуту тууралуу кыскача маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздар – алтай тил түркүмүнүн ичинен түрк тилдер тобуна кирген байыртадан белгилүү улут.

Алардын негизги бөлүгү түпкү улут катары Кыргызстанда байырлайт.

Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиядагы байыртадан бери маалым түрк эли болуп саналат.

Кыргыздар өз негизги атажурту Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу борбордук азиялык пост-советтик республикаларда, Кытай Эл Республикасында (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, Маньчжуриядагы Хейлунжаң вилайети, Түндүк Тибет, Тарбагатай, Текес, ж.б.), Ооганстан, Пакистан, Түркия, Орусия, Австралия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Египет ж. б. өлкөлөрдө да байырлашат.

Тили б-ча Кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү ислам динин (сүннийлердин ичинен ханафий мазхабын) тутушат. Айрымдары – атеисттер. Кээлери – бутпарастар (маселен, Кытайдын Тарбагатай аймагындагы калмак-кыргыздар).

Мурдагы СССРде Кыргыздар өз жазмасында оболу араб жазмасын, андан соң латынча, акыры – 1940-жылдан тартып орус алфавитин пайдаланса, башка айрым өлкөлөрдөгү Кыргыздар (Кытай, Ооганстан, Пакистан, Иран, арап өлкөлөрү) араб алфавитин колдонушат. Түркияда, Батыш Европада, АКШда, Канадада, Австралияда байырлаган кыргыздар латын жазуусун колдонушат.

Кыргыз улутун кураган негизги этностук компонент - байыркы кытай жылнаамаларында алгач б. з. ч. 202-201-жылдарда эскерилген байыркы Кыргыздар (гяньгунь же цзянгун) болуп саналат.

Кыргыздардын түпкү тарыхы хун дооруна байланышкан.

Байыркы Кыргыздар болжол менен Чыгыш Теңир-Тоонун Манас дарыясынын атырабында жайгашкан.

Кийнчерээк, б.з. 5-кылымда, алардын оодук бөлүгү Энесайга (Түштүк Сибирге_ журт которуп, мында 6-12-кылымдарда Энесай Кыргыз кагандыгын негиздеп, өнүктүрүшкөн. 5-6-кылымдарда Энесайдагы жергиликтүү динлиндерди жана башка сибирдик түрк урууларын Кыргыздар өздөрүнө сиңирип алган.

Алардын айрым бөлүктөрү 10-кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоо аймагында жана ага тарыхый коңшулаш аймакта - азыркы Моңголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган.

Байыртадан эле Кыргыздардан өз алдынча мамлекети, орто кылымдардын эрте мезгилинде – Кыргыз кагандыгы болгон.

840-ж. Кыргыз кагандыгы Борбордук жана Ички Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана алардын бөлүгү Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан соң, акырындап ислам динине өтө баштаган.

Кыргыздардын айрым топтору чыгыштан Теңир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана моңголдордун жортуулу учурунда да (12-13-кылымдарда) оошуп келген.

Эне-Сай Кыргыздарынын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-йу уездинде өз этностук ысымын ж-а тилин сактап, жашап жатышат.

14-кылымдан 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыздардын чоң тобу (Сибирь Кыргыздары) моңголдордун алтын-хандарына, кийинчирээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана баш ийип, өз эгемендигин сактап) келишкен.

18-кылымдын башында Жуңгар хандыгы аларды талкалап, бир катарын Жуңгарияга (Теңир-Тоонун чыгышына) көчүрүп кеткен соң, Сибирь ж-а Алтайдагы Кыргыздар кийинки Саян-Алтайдагы түрк ж-а моңгол элдерине аралашып кеткен.

Моңголиядагы Кыргыздар моңголдошууга дуушар болгон.

Караханийлер доорунан тартып Теңир-Тоодогу кыргыздар Теңир-Тоодогу этностук курамы татаал өзүнчө улут катары белгилүү.

Санжыра б-ча Кыргыздар кырк уруудан куралган. Ошондуктан алар “кырк уруулуу эл” деп да аталган. (Этнолог жана тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын баамында, “кыргыз” сөзү “кырк” сөзүнөн жана көптүк биримдикти туюнтчу “-ыз” курама мүчө сөзүнөн куралган).

Кыргыз элинин курамындагы башка этностордун ысымын эскерткен этнонимдер (кытай, моңолдор, түркмөн, казак, өзбек, калмак, ногой, сарт, ж.б.) анын эл болуп калыптанышына байыркы ж-а орто кылымдарда жашаган көптөгөн этностор жана уруулар катышкандыгын далилдейт.

Кыргыздардын тарыхы негизинен:
байыркы Кыргыздар (б.з. ч. 3-кылымдан – б. з. 5-кылымына чейин),
орто кылымдардагы Кыргыздар (6-14-кылымдар),
кийинки Кыргыздар (15-21-кылымдар) болуп 3 мезгилге бөлүнөт.

Байыркы кыргыздар оболу Теңир-Тоо, андан соң ага кошумча Түштүк Сибирь, Алтай, Ички Азия аймактарын мекендеген.

Орто кылымдардагы Кыргыздарга Эне-Сай Кыргыздары (6-14-кк.), Теңир-Тоо Кыргыздары (9-14-кк.), Борбордук Азия Кыргыздары (9-14-кк.); Манжурия, Моңголия, Алтайдагы Кыргыздар, Сибирь Кыргыздары (15-18-кк.) кирет.

Кийинки Кыргыздарга Теңир-Тоо же Ала-Тоодогу Кыргыздар (15-21-кк.), манжуриядагы Фү-йү үйөзүндө жана жалпы Манчжурияда байырлап жаткан кыргыздар (18-21-кк.) жана башка кыргыз топтору кирет.

Бир катар кыргыз уруулары 18-20-кк. казак, өзбек, каракалпак, башкыр, татар, уйгур, алтай, хакас, тыва, саха, сары уйгур, кырым татар (ногой), түрк, балкар, карачай, шор, ж.б. түрк элдерине, айрымдары тажик, монгол, дунган, калмак, арап, орус, ж.б. этносторго жуурулушуп кетишкен.

Кыргызстан тууралуу кыскача маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бийик тоолуу жана дыйканчылыкка ылайык өрөөндүү мамлекет Борбордук Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан.

Түштүк-батыш өңүрүндө Памир-Алай тоолору, түндүк-чыгыш өңүрүндө болсо Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоолору созулуп жатат.

Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.

Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден).

Тилдери: кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили – расмий.

Кыргыз Республикасынын Президенти - Алмазбек Шаршенович Атамбаев (2011-2017).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы - Асылбек Шарипович Жээнбеков (2011-жылдан).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Жоомарт Кайыпович Оторбаев (ага чейинкиси - Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиев).

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы - Феруза Зулумбековна Жамашева.

Улуттук акча бирдиги: кыргыз сому (KGS, код 417).

Интернет домени - .kg

Телефондук коду - +996

Саат алкагы - UTC +6

Аянты: 199,9 миң чарчы чакырым (5,8% - токойлор, 4,4% - суулар, 53,3% - айыл чарба жерлери, 36,5% - башка жерлер).

90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.

Борбору - Бишкек шаары (860,7 миң тургун). Бейрасмий маалыматка караганда, анын калкы миллиондон ашты.

Чоң шаарлары: Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң тургун).

Кыргызстан 7 акимдик аймактан турат – Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу жана Баткен облусу.

Облустук борборлор: Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Жалпысынан, түпкү улуту кыргыздар болгон республиканын аймагында 100дөн ашуун этностун өкүлдөрү байырлайт.

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. — Бишкек, 2000. — 160 б. - (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). - (ISBN 9967-00-001-5).
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 б. — (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). — (На кыргызском языке). — (ISBN 5-89750-028-2).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]