Алоокенин Анжыяндан качканы

Википедия дан

Алоокенин Анжыяндан качканы Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Алооке жөнүндөгү окуянын корутунду бөлүмү, эпостогу белгилүү сюжеттердин бири.

Манас баштаган эр бүлө Шорукка каршы казатка кеткенде Алооке өзүнө таандык кытайкалмактан неме калтырбай түп көтөрө ээрчитип, кытайга карай качып жөнөйт. Алтымыш уулунун кенжеси Бээжинде окуп жаткан Коңурбай алдынан чыгып, кыргыздан да качып болобу, мен Манас менен өлбөгөн жерде калышам десе, кексе Алооке демиңди баса тур, акыры Манас Бээжиниңе да келет, күчүңдү ошондо көрөбүз деп уулун тыйып коёт. Манас Шоорукту жеңип келгенде Анжыяндагы Алооке баш болгон кытай-калмактан эч ким калбай качып кеткен болот. Баатыр качса барсын деп кенебей артынан куугун салбай жатып калат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, бирок Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен сайышка чыгардагы сөзүндө Манас Алоокеге каршы барганын, ошондо Сары өзөн Чүйдүн башында Коңурбай менен беттешкенин айтып, анда алы жетпеген, эми алы жетмек беле дейт. Буга караганда качып бара жаткан атасына жолугуп, Манас менен кармашам деген Коңурбайдын сөздөрү балким мурда, эпосто айтылган эки чоң баатырдын беттешүүсү менен байланыштуу окуя болушу да мүмкүн.

Саякбай Каралаевдин  вариантында Алоокенин Анжыяндан качуусу Сагымбай Орозбаковдун вариантында башкача планда айтылып, окуя кытайлык кандын өлүмү менен аяктайт. Коңурбай атасы Алоокени Манас өлтүргөнүн угуп, Карыкандан атамдын өчүн алам деп кол сураганы, Карыкан азыр алың жетпейт, алты жылда Манас өзү мында келет, эрдигиңди ошондо көрөбүз деп тыйып койгону окуянын андан наркы уландысы.

Башка манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын планда айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4