Алп уйку

Википедия дан

Алп уйку — эпикалык салттык мотивдердин бири. Түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларынын көпчүлүгүндө баш каармандын душман колуна түшүп туткундалышы негизинен анын узакка созулган А. у-су менен байланыштырылат. Фольклористикада башкы баатырдын А. у. менен укташы байыркы магиялык түшүнүктөн келип чыккан убактылуу өлүп-тирилүү мотивинин жумшартылган түрү катары каралат А. у-да жаткан алтай баатыры Алып-Манаш менен өзбек баатырдык эпосунун баш каарманы Алпамыштын денесине ок өтпөйт, кылыч кеспейт, найза кирбейт, душман канчалык аракеттерди жасаса да ал эч ойгонбойт. Алып-Манаш менен Алпамыштын образдарында магиялык касиеттин эң байыркы белгилери сакталса, «Манас» эпосунун сүрөттөөсүндө А. у. менен уктап жаткан Манас баатырга жоо куралдары (Аколпокту кийбей турган учурда) өтөт жана уйкусунан ойгонот. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Тал-Чокуда Аккаңкы ээрин жазданып А. у-да жаткан Манас баатырды ойгото албай айласы түгөнгөн Чубак анын Аколпогун өйдө түрүп найза менен сооруга сайып, ойготот. Бул болсо А. у. жөнүндөгү байыркы магиялык түшүнүктүн калдык көрүнүшү катарында Манастын образында жумшартылган түрдө сакталгандыгын жана реалдуу турмушка жакындаштырылгандыгын көрсөтөт. А. у. жөнүндөгү салттык мотив «Сейтек» эпосунун терс кейипкери бир уктаса жети күндөн аз уктабаган желмогуз уулу Сарыбай дөөнүн образына байланыштуу айтылат. «Манас» үчилтигинде орун алган А. у. жөнүндөгү мотив эпикалык каармандын өзүнө чексиз ишенген эрдигин, баатырдыгын жана жоодон кенебестигин айкындаган көрүнүш катары поэтизациялайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4