Алтын-Жылга алтын кени

Википедия дан

Алтын-Жылга алтын кени Баткен районунда Сох суусунун оң жээгинде, Алтынжылга сайында, Кан кыштагынан 2,5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1913-ж табылган. 1987–1992-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин Алтынжылга массивинин гранодиориттери, диориттери, монцонит-диориттери менен жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу Алтынжылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ жана доломит тектери менен болгон контактысындагы скарн тилкелери жана экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар менен байланышкан. Рудалануу алтын-скарндуу тарам тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги руда минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 7,6 г/m. Руданын запасы 1138 миң m. Алтындын запасы 8,636 m.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]