Алыйман Муса кызы

Википедия дан

Алыйман Муса кызы (1912, Ооганстандын Памиринде) — манасчы. Тажик ССРинин Тоолуу-Бадакшан автономия облусунун Мургаб районунундагы Раң-Көл кыштагында жашаган. «Манас» айтууну атасы Муса Жума уулунан үйрөнгөнүн эскерет. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Ооганстандын Памир өрөөнүн мекендеген кыргыздар да «Манас» эпосун билгендиги бул фактыдан көрүнүп турат. А. «Манасты» кара сөз менен ыр аралаш айткан. А-дан Манастын төрөлүшү, балалык чагы, Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүшү, Манастын казак каны Алмамбеттин жылкысын тийип, Акчимген деген жерде экөө беттешип жарадар болушу эпизоддору (800 сап) жазып алынган. А. «Аксаткын менен Кулмурза» дастанын да жакшы айткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4