Алыке уулу Самсаалы

Википедия дан
Алыке уулу Самсаалы

Алыке уулу Самсаалы (1877, Кочкор району, Кызыл-Дөбө айылы — 1968, ошол эле жер) — комузчу.
Үркүнчү уулу Кудайбергендин шакирти. Колхоз уюшулганы чабан болуп иштеген. Залкар шайырлар Боккөтөн, Майлыбай, Турдукожолор менен бирге жүрүп, күүлөрүн үйрөнгөн.
Булардын "Боккөтөндүн ботою", "Майлыбайдын шалкы күү", "Майлыбайдын шыңгырамасы" аттуу күүлөрүн, элдик "Болпокенин ботою", "Ак баланын ботою", "Кара өзгөй", "Шыңгырама", "Коңур каз" жана башка күүлөрдү ийине жеткире чебер аткарган.
Кудайбергендин сынынан өткөндөн кийин элдик "Кербез", "Шыңгырама", "Камбаркан" күүлөрүнүн таалиминде "Кейиштүү кербез", "Балалыктын кербези", "Карылыктын кербези", "Аралашма шыңгырама", "Эски шыңгырама", "Обон шыңгырама" аттуу салттуу күүлөрдү чыгарган. Булардан сырткары: "Арман күү", "Эрмек күү", "Кулпенде", "Кайран жер", "Булбул", "Карыптын арманы", орустун "Камеринскаясынын" негизинде "Кыргыз Камеринскаясын", түрк обондорунун өзөгүндө "Түрктөрдүн маршы" аттуу күүлөрдү жараткан.
Кыргыз радиосунун алтын фондусуна 60дай күүсү жазылып алынган.
1937—38-ж. Чолпон орто мектебине комузчулар ансамблин уюштурган. Балдарга комуз чертүүнү, баянда, аккордеондо ойноону үйрөткөн. Башка шайырлардан өзгөчө үнү, өз алдынча чыгармачылык жүзү, жаңычылдыгы, изденгичтиги менен айырмаланган. Ал өреөөгө белгилүү мүнүшкөр, саяпкер да болгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

САМСААЛЫ