Жумабек Алыкулов

Википедия дан
Алыкулов Жумабек‎»‎ барагынан багытталды)
Бекбоева Гулай Алыкулов Жумабек
Алыкулов Жумабек Бекбоева Гулай

Алыкулов Жумабек - жазуучу, жомокчу, акын. 1938-жылы 21-декабрда Панфилов районунун Орто-Арык айылында туулган.

1962-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп,

Кыргыз Республикасынын «Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта» («Главлит») улук редактор, директор,
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин искусство башкармалыгында искусство боюнча улук инспектор,
1972–1992-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор, 1992–1994-жж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча адиси,
1994–2000-жж. «Чүй баяны» гезитинде аткаруучу редактор,
2000–2002-жж. «Аламүдүн кабарлары» гезитинин башкы редактору, 2002–2005-жж. «Ветеринария» гезитинде редактордун орунбасары болуп иштеген.

Акындын «Койсоңчу» аттуу алгачкы ыры 1960-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган.

Ж.Алыкулов «Жаш сатириктердин жыйнагы»,«Эмгек азаматтары», «Жылмайып коюңуздар», «Эмгек сыйынын ээлери»,
«Айыл таңдары», «Эмгек жылдыздары» аттуу китептерди жана Кыргыз жазуучуларынын тарыхында биринчи жолу орус тилинде «Эридиана» аттуу фантастикалык топтомун,
А.Осмоновдун үч томдугун, Ү.Жумабаевдин тандалмалар жыйнагын түзгөн.

Ж.Алыкуловдун «Почему у зайца уши длинные» (которгон Ж.Сулайманова), «Волк в мешке» (которгон В.Вакуленко), «Волшебное семечко» (которгон Р.Осмонова) жомоктору мектеп жашына арналып, хрестоматияга кирген.
Жазуучу ошондой эле Кыргыз Эл жазуучусу Качкынбай Осмоналиевдин тандалмасына, Көпбай Күмүшалиевдин тандалмасына, Күлташыр Шерипбаевдин ырлар жыйнагына баш сөз жазган.
Жазуучунун китептери тажик, орус, чех, болгар, поляк тилдеринде жарык көргөн.

Татар жазуучуларынын жыйнагындагы Р.Ишмуратованын «Чыкыроон аязда», М.Маликованын «Бактылуу кошуна»,
«Ветерандар» жыйнагындагы Н.Удаловдун «Гильзадагы байчечекей» аңгемелерин, ошондой эле «Тажик жазуучуларынын аңгемелери» жыйнагындагы С.Айнинин «Биринчи трактор» романынан үзүндү которгон.

1982-жылдан Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак чач кемпир: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 115 б.

Үмүт: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1969. – 110 б.

Көпөлөк: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1970. – 16 б.

Нөшөр: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 114 б.

Каптагы карышкыр: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1975. – 14 б.

Август кечтери: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 188 б.

Бийик теректер: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 216 б.

Сыйкырдуу данек: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 16 б.

Жашоо сапары: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 156 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Почему у петуха гребень красный: Сказка. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 9 с.

Волк в мешке: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1977. –12 с.

Почему у петуха гребень красный: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1978. – 11 с.

Почему у петуха гребень красный: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1980. – 12 с.

Волшебное семечко: Сказка.– Ф.: Мектеп, 1978. –16 с.

Почему у зайца уши длинные: Сказка. – Ф.: ЦК КП Киргизии, 1989. – 32 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]