Ветеринария

Википедия дан
Ветеринария.
Ветеринария (1947).

Ветеринария, ветеринария медицинасы (лат. veterinarius мал дарылоочу) жаныбар ылаңдарын изилдөөчү, ага каршы күрөшүү чараларын, адамды зооноздордон сактоо ыкмаларын иштеп чыгуучу, малдан ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген сапаттуу продукт алууга багытталган илимдер системасы. Ветеринария биологиялык илимдер циклине кирип, медицина, физика, химия ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Ветеринария шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт: 1) ветеринария-биологиялык дисциплиналар (анатомия, гистология, патологиялык физиология, фармакология, ветеринардык микробиология, ветеринардык вирусология ж. б.); соо жана ылаңдаган жаныбарлардын дене түзүлүшүн, физиологиясын, дары-дармектердин таасирин ж. б. изилдейт; 2) клиникалык дисциплиналар (эпизоотология жана жугуштуу ылаңдар, паразитология жана инвазиялык ылаңдар, ички жугушсуз ылаңдар, ветеринардык хирургия, акушерлик, гинекология ж. б.), ал жаныбарлардын ар түрдүү ылаңдарын изилдейт, аларга диагноз коюунун жолдорун тактайт, алдыналуу жана жок кылуу ыкмаларын табат; 3) ветеринардык-санитардык топ (ветеринардык-санитария, зоогигиена, ветеринардык-экспертиза ж. б.) айлана-чөйрөнүн жаныбарларга тийгизген таасирин, малдын кунардуулугун жогорулатуу жана алардан алынган продуктулардын сапатын көтөрүүнүн жолдорун изилдейт. Мал ылаңдарын дарылоо жөнүндөгү маалыматтар б. з. ч. 4-кылымга таандык (Египет, Индия), кийин Грекияга, Римге, Араб мамлекеттерине таралган. Ветеринария медицина менен тыгыз байланышта болуп, тез өнүккөн, 18-кылымдын экинчи жарымында ветеринария мектептери Францияда, Германияда, Австрияда ачылган. 19-кылымдын башында ветеринария жөнүндө алгачкы гезит-журналдар жарык көрө баштаган. Ветеринариянын өнүгүшүнө Л. Пастер, Р. Кох, П. Эрлих, И. И. Мечников жана алардын окуучуларынын кошкон салымы чоң. Кыргыз эли байыртадан эле мал ылаңдары менен күрөшүп келишкен. Мисалы, сакоо менен ылаңдаган жылкынын ириң тепкен лимфа бездерин учтуу, курч бычак менен жарып, прпңпн соо кулундун эрпнпне сүйкөшкөн. Алар жеңплпрээк ооруп, сакоого каршы туруктуулук (пммунптет) пайда болгон. Койдун караксагын көк ташты күйгүзүп дарылаган же куйрук майды ысытып жара болгон жерге басышкан. Шарпка чалдыккан уйдун оозун кайнатма туздун эрптмесп менен чайкашкан. Желе куртка дуушар болгон жылкыны бекем таңып, прпңдеген жерпн жарып, үстүн кызарта ысытылган жалпак темир калакча менен кайрып дарылашкан. Бирок жугуштуу ылаңдар менен күрөшүү кыйын болгон, жугуштуу карөпкө менен ылаңдаган эчкплердп отору менен союп жок кылып, башка алыскы жайыттарга көчө качышкан. Малчылар итти кутурмадан сактоо үчүн каңылжаарынын үстүн туурасынан кызарта ысытылган темир менен кайрышкан.

1891-ж. падышалык Россияга караган Түркстанда бодонун көккөйнөк (чума) ылаңынын эпизоотиясы болуп, орус өкмөтү ветеринардык адистерди (анын ичинде ветеринардык врач С. Н. Осокин) Кыргызстанга да жөнөткөн. Ошол эле жылы Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар айылында биринчи ветеринардык пункт ачылып, ага Россиядан келген ветеринардык врач В. И. Захаров жетекчилик кылган. Кыргызстанда ветеринария кызмат негизинен Октябрь революциясынан кийин калыптанган. 1917-жылдан 1970-80-жылдарга чейин мамлекеттик ветеринардык мекемелердин саны кескин көбөйгөн (1917-14; 1970-588; 1980-531) жана аларда эмгектенген ветеринардык врачтардын саны да бир кыйла өскөн (1917 5; 1970 877; 1980 872). Кыргызстанда ветеринариянын өнүгүшүнө 1933-ж. түзүлгөн Зооветеринардык институтунда ветеринардык факультеттин ачылышы чоң түрткү болгон. 1950-жылдарда айыл чарба малынын эпизоотиялык ылаңдары күч алгандыктан, Кыргыз өкмөтү 1956-ж. эпизоотияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өзгөчө ветеринардык отрядды түзгөн. Ошол эле жылы өтө жугуштуу, улуттук экономикага чоң зыян алып келүүчү ылаңдар менен күрөшүү максатында Ички иштер министрлиги атайын карантиндик милиция бөлүмүн уюштурган. Кыргызстанда ветеринариянын өз алдынча өнүгүшү эгемендүүлүккө жеткенден кийин башталып, 1992-ж. Эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө болуп катталды. 1992-ж. 6-мартта КРде биринчи «Ветеринария боюнча мыйзам» кабыл алынып, ал толукталып, кайрадан иштетилип чыгып, КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2005-ж. 12-апрелде кабыл алынган. Республикада мамлекеттик ветеринариялык, башкармалык түзүлүп, ага Республикалык ветеринардык лабораториялык, Агрардык илим жана консулътациялык кызмат борборунун Ветеринардык илимий-изилдөө контролдук институту (ветеринардык дары-дармектерди сертификаттоо жана стандарттоо боюнча контролдук лаборатория), эпизоотияга каршы республикалык экспедиция, ветеринардык чек аралык көзөмөл пункттары, чек ара жана карантиндик кызматтын башкы башкармалыгы баш иет. Ылаңдардын алдыналуу жана дарылоо үчүн ар түрдүү дарыдармектер, ылаңга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмалары Кыргызстандын шартына ылайык кайрадан ишгелип чыккан. Кээ бир окумуштуулардын эмгеги жогору бааланып, СССР жана КРдин мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болушкан (A. А. Волкова, Р. С. Полковникова, Ц. Ц. Хандуев, Э. Д. Иманов, Н. Е. Шкодин, В. М. Серов ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]