Фантастика

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Фантастика (Фантастикалуулук) (фр. fantastique – акылга сыйбагандык) – көркөм искусстводо – ой-кыялдан чыгарылган, турмушта болууга мүмкүн эмес нерселерди чагылдыруунун тиби, турмушту образдуу чагылдыруунун бир жолу. Адабияттын тарыхында фантастикалуулукка чоң роль таандык, жомоктогудай, реалдуу эмес, жок нерсени сүрөттөө; сүрөтчүнүн фантазиясынан жаралган, кубулуштардын жана алардын кээ бир жактарынын, предметтердин таң каларлыктай айкалышы. Эң таңкаларлык фантазия да турмуш чындыгынын кээ бир өзүнчө жактарынан таптакыр башка жакка бурулуп кете албайт, ошондуктан ар бир Ф-да чындыктын бир үзүмү бар. Ф-нын эки принципиалдуу айырмаланган түрү бар: 1) турмушту таанып-билүүгө негизделген жана бизди курчап турган чындыкты даана, таасирдүү сүрөттөөгө багытталган, адамды кайратман жана активдүү жаратуучу ишмердикке чакырган жана натыйжада жаратылыш менен коомду прогрессивдүү өзгөрүүлөргө алып келген Ф. 2) жемишсиз кыялга берилүү, муну менен сүрөтчү чыныгы турмуштан четтегенге умтулат, анын чыныгы турпатын жок нерсеге (фантазияга) алмаштырып, адамды пайдасыз сырттан байкоочулукка багыттап, турмуштук практикадан көңүлүн алагды кылат. Ф-нын биринчи формасын реалисттик көркөм искусство толугу менен кабыл алат жана адатта анда элдик оозеки чыгармачылык негизделет. Экинчи форма (мисалы, фантастикалык образдар менен элестер бар Бекминдин картиналары) дүйнөнү реалисттик чагылдырууга каршы чыгат жана эреже катары, көркөм өнөр үчүн зыяндуу. XIX кылымдын көркөм искусствосунда Ф-га романтиктер өзгөчө чоң көңүл бурушкан.

Ал көбүнчө эпос, жомок, легенда, утопия, сатира сыяктуу жанрларга мүнөздүү. Фантастикалуулук ар түрдүү көркөм методдордо ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ болгону менен, негизинен бардык эле көркөм методдордо көрүнөт. “Манас” эпосундагы баатырлардын кайып болушу, Алмамбеттин аба ырайын өзгөртөр касиети, жомоктордогу желмогуз кемпир, дөөлөр, учма килемдер, аттардын адамча сүйлөшү, кырк кулач казан сыяктуу көрүнүштөр фантастикалуу нерселер болуп саналат. Мына ушулар менен элдин кыялы ой жүгүртүүлөрү аркылуу көркөм чыгарма жаратуу өзгөчөлүгүн аңдап көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле адабиятта жазуучулар али боло элек доордогу окуяларды ой жүгүртүү менен жазып чыгат, маселен, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романында Токойлуу төш планетасына кеткен учкучтар, ал планета тууралуу алардын каттары мына ушундай формада жазылган, муну баалап алып келечекти, болочок окуяларды чагылдырууну негизинен илимий фантастикалык чыгармаларда көрүүгө болот. Тамсилдеги жаныбарларды сүйлөштүрүүдө, Б. Сарногоев “Мидинге катында” жана ага жооп катары Э. Ибраев "Мидинден кат" поэмасында гротеск-фантастиканын элементтерин пайдаланышат. А. Осмоновдун "Ким болду экен?", "Эшимкандын тереги" "Мырза уул" поэмаларында шарттуу фантастикалык ыкма өтө ыктуу колдонулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]