Мазмунга өтүү

Ибраев, Эсенгул

Википедия дан

Эсенгул Ибраев (16.3.1933, Чет-Нура кыштагы, Нарын району – 05.8.2005, Бишкек) - кыргыздын чыгаан акын жана сатириктеринин бири, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны (2001), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси (2006).

Кыскача өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсенгул Ибраев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган.

1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1952–1956-жж. Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган .

1961–1987-жж. республикалык саясий сатиралык «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп иштеген.
1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев 2005-жылы 5-августта 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. [1]

Маркумдун сөөгү 8-августта Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүндө түбөлүк жайына берилди.

Акындын "Жан дүйнө жаңырыгы" жана Дындырбай"ырлары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ыр улуу акын Э.Ибраевдин эл-журтуна айткан керээзи сыяктуу болуп калды.


Ук бардыгың,
Бул жарлыгым –
Жан дүйнөмдүн жаңырыгы,
Жанар тоодой
Жарып чыккан көөдөндү.

Кыргызым–ай,
Ырысым–ай!
Ырксыздыгың,
Ыйкы–тыйкың
Сезимиме теменедей төөнөлдү.

Көзкаманың,
Көбөшүң ук,
Бөтөнүң ук,
Бөдөшүң ук,
Падышаң ук,
Букараң ук,
Бектериң ук,
Бечараң ук!

Калк көтөргөн ханың ук,
Каны суюк жашың ук,
Калыс,
Калбаат карың ук,
Атпай кыргыз,
Баарың ук!!!

Нан сураган кайырчыдай,
Сурайм салып кадырымды.
Кара курттай
Мүлжүп жатат сабырымды.

Бул касирет
Кайнап чыккан
Жан дүйнөмдүн
Жанар тоодой жаңырыгы!

Ай-ааламда
Чындык бары чын болсо,
Көк асманда
Жылдыз бары чын болсо,
Жер үстүндө
Кыргыз бары чын болсо –
Анда кыргыз бирөө эле.
Башка кыргыз бар экен деп,
Батпа бекер күнөөгө.

Бир кудайдын бар экенин билемин.
Жана да жок,
Жок,
Эч болбойт күмөнүм,
Билем жалгыз кыргызды.

Ошондуктан,
Кыргыз туруп кыргызды,
Эки бөлүү –
Кылмыш бу!

Бир кылмыштан
Өнүп чыгат бир кылмыш.
Элди экиге бөлүп-жаруу –
Миң кылмыш,
Бура тартпай,
Бул чындыкты бил, кыргыз:

Уңгум дагы,
Уюткум да,
Уругум да,
Улутум да бир кыргыз!

Танбагандай атам менен энемди,
Өзүмдөн эч бөлалбаймын мен элди.
Мен кыргызмын!
Кыргыз деп бил
Турган турпат,
Тулку боюм денемди.

Кыргыз туруп кыргыз бөлгүч,
Сен эми,
Бир денемди
Эки бөлгүң келеби?!

Бул чындыкты
Калп деп айтат кана, ким?
Оң карегим ТҮШТҮК болсо,
ТҮНДҮК сол жак карегим.

Оң бөйрөгүм ТҮНДҮК болсо,
Сол бөйрөгүм ТҮШТҮГҮМ.
Аба,
Суудай керек бизге
Биримдешкен күч бүгүн.

Оң жак ыптам ТҮНДҮК болсо,
ТҮШТҮК менин сол жагым,
Сол жак ыптам жабыркаса,
Кошо сыздайт оң жагым.

Эрегишти сууга сал да,
Эртеңкиңе бол, камын,
Биле элекмин,
Көрө элекмин,
Ынтымактан ашкан айкын жол барын.

Кылдай иштен кыйкым издеп,
Кысталышта чыр чыгарган Чубагың…
Чубакчылык качан калат, чунагым?!
Тарыхыңды билбей турсаң,
Билгендерден сурагын.

Атуул десем бир көрсөтөр,
Атажуртка төбөсүн,
Эгеменге жеткен элди
Эмне экиге бөлөсүң?

Кыргыз туруп кыргыз бөлгүч,
Сен эми,
Бир денемди
Эки бөлгүң келеби?!

Оң көзүмдү олуп салып,
Олок кылгың келеби,
Оң бутумду жулуп салып,
Чолок кылгың келеби?!

Бир бөйрөгүм оюп салып,
Майып кылгың келеби,
Канатымды кайрып салып,
Карып кылгың келеби?
Түбү кандуу бөлүнүүнүн
Түшүнсөңчү сен эми!

Бөлө турган нерсе сенде аз беле?
Бөлгүч болсоң,
Жаргыч болсоң анча эле,
Атаңды бөл апаңдан,
Жеңеңди бөл агаңдан,
Жээниңди бөл тагаңдан.
Бөл жездеңден эжеңди!
Бөрү жегир,
Бөлбө экиге сен элди,
Бөлбө бөтөн денемди!

Бөлүнүүдөн барбы, кыргыз, тапканың?
Эл бөлгүчтөр далайлардын
Ташка жайган талпагын.
Унуттуңбу,
Бөлүнүүдөн
Не болду эле,
ЖАМАНГАРАН,
ЖАЙЫЛ менен ТАЛКАНЫН?!

Кербезденбей,
Кесир кылбай,
Келечекти ойлогун,
Унуттуңбу,
Бөлүнүүдөн
Не болгонун ОРМОНУН?!
Кана, айтчы,
Качан калат
Кармашканың,
Кастыгың.
Жанга батат,
Кары туруп жаштыгың,
Бийик туруп пастыгың,
Соп-соо туруп мастыгың.

Унуттуңбу,
Ырксыздыктан,
Ынтымактын жогунан
Не болгонун
БАЛБАЙ,
НУСУП,
ТАЙЛАГЫНдын тагдырын?!

Андан бери өтсө дагы аз кылым,
Азыр минтип оңолалбай жаш кылым,
Жатса өксүп,
Неге сага сабак болбойт,
Коогалаңы АКСЫНЫН?!

<...> О-о, адамдар,
О-о, жарандар!
Баса көрбө
Устаранын мизи менен,
Баса көргүн,
“Кулалы таптап куш кылган,
Курама жыйып журт кылган”,
Бабаң МАНАСтын изи менен.

<...> Билгим келбейт,
Билбейм дагы,
Билбейм мындан бөлөгүн,
Ынтымак деп төрөлгөмүн,
Өлөөрдө да
Ынтымак деп өлөмүн!


"Дындырбай"

Куурайдын башын сындырбай,

Курдаштын көөнүн калтырбай,

Дымыгып жатат үйүндө ,

Дыңдырбай жеңем , Дындырбай!


Ашка кел десе сүйүнүп

Ишке кел десе түйүлүп.

Жактырбайт колхоз жумушун

Жаман мурдун чүйүрүп

Мурундай мурун болбочу,

Мунусун жеңем койсочу!

Сыйлыктары. Наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.

1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,

1999-жылы Автордук укук-ту коргоо боюнча Швейцариялык «Суисанын» мүчөсү болгон.

1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер»,

2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.

2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты болгон.

2006-жылы «Насыят» китебине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.


Эсенгул Ибраевдин ысымы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине, Нарын шаарындагы орто мектепке ыйгарылган.


Чыгармаларынын чакан тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бөбөгүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 28 б.

Кичинекей манасчы: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1966. – 48 б.

Ленин жүрөктө: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1966. – 48 б.

Тай күлүк. Ф.: Мектеп, 1967. – 23 б.

Таң шоокуму: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 102 б.

Ичиң күйсө...: Сатиралар, тамсилдер, эпиграммалар, арноолор. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 100 б.

Мекеним менин жүрөктө. – Ф.: Мектеп. 1970.

Карабай. – Ф.: Мектеп, 1971. – 18 б.

Биз – аталар мурасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 77 б.

Биз-аталар мурасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 107 б.

Шаркыратма: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 37 б.

Турмуш агымдары: Ырлар, сатиралар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 107 б.

Закымдар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.

Сур улак: Поэма-жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 17 б.

Эңсөө: Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 100 б.

Белес: Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 240 б.

Мажилис: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 32 б.

Мөмөлүү дарак: Ырлар, поэма, жомок. – Ф.: Мектеп, 1985. – 236 б.

Эрдик: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.

Күндөр-менин канатым: Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Адабият,1989. – 120 б.

Өнөр издеген Өмөр: Жомок. – Б.: Адабият, 1993. – 28 б.

Даван: Ырлар жана сатиралар. – Б.: Адабият, 1993. – 384 б.

Мидинден кат: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1993. – 74 б.

Эсенгулдун ырлары: Ырлар, сатиралар. – Б.: Шам, 1998. – 268 б.

Насыят: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 2003. – 396 б.

Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Полиграфкомбинаты, 2008. – 483 б.

Серый козленок: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1981. – 8 с.

Серый козленок: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1983. – 16 с.

Заповеди: Ырлар. Москва: Барс, 2000. – 304 с.

Башка тилдерде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ветер Иссык-Куля. – Алма-Ата: Жазушы, 1986. – 107 с. – каз.

Szary koziolek. – 1987. – 16 с. – пол.

Арабызга кошулган жети жылдыз – Анкара, 1999. – 93 с. түрк.


Хазри Наби. Өткүн: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 76 б.

Евгений Винокуров. Досторум: Ырлар. Ф. Кыргызстан, 1976. – 77 б.

Афанасий Фет. Коңгуроо: Ырлар. – Ф .: Мектеп, 1984. – 22 б.

Ааль-Хамиси. Махабат китеби: Поэмалар. Ф.: Мектеп, 1982. – 76 б.

Маштай Кудаев. Аппак тоолор: Ырлар. Ф.: Мектеп. 1987. – 866 б.

Илья Жаканов. Колуңду бер, сүйүктүүм: Повесть.

Хаймановский Шаймон. Пижамачан учкучтар: Киносценарий.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. https://www.azattyk.org/a/1241880.html