Кылым карытар бир күн

Википедия дан
Кылым карытар бир күн
Жазуучу Чыңгыз Айтматов
Өлкөсү  ССРС
Тили кыргыз
Чыккан жылы 1980

Кылым карытар бир күн (1980) – роман. СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ч. Айтматовдун бул романы өзүнүн идеялык-тематикалык багыты, сюжеттик-композициялык түзүлүшү боюнча Гүлсарат повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө, “Кылым карытар бир күн” романында да көпчүлүк окуя Бороонду бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы анын кесиптеш жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат.

Романда жазуучу алгач реалисттик сюжет менен катар фантастикалык сюжетти айкалыштырып, фантастиканы “мен муну жер турмушунун метафорасы катары көрсөткөм” дейт. Ошондой эле чыгармада миф, легенда, уламыштар жыш пайдаланылат.

Чыгармада үч катмарлуу мезгилдик алкак: өткөн, учур, келечек. үч катмарлуу мейкиндик алкак: аалам баткан адамдын башы, Эне-Бейит коругу жана Жер планетасынын катышы, башкача айтканда сюжеттик линяны шири кийгизилип, акыл-эстен ажыраган маңкурт жоламандын башы, корукка алынган Эне-Бейит ж. б. жактагы цивилизация менен мамиле түзүүгө тыюу салынып, курчоого алынган жер планетасынын мейкиндик алкактарынын байланышы түзгөндүгүн көрөбүз.

Ошондой эле чыгарма көркөм ой жүгүртүүнүн үч тибинин: мифологиялык-фольклордук, фантастикалык жана реалисттик синтезинен турат. Романда сөз мейли байыркы Найман-эненин же Раймалы менен Бегимайдын тагдырлары жөнүндө баратабы, алыскы космостук станция же жердеги түлкү, ит, каранар жөнүндө болобу – баарысы бир көйөйгө, Эдигейдин, башкача айтканда адамдын азыркы доордогу тагдырына баш ийдирилген, бөлүнбөс бир бүтүн “организм” сыяктуу бир сюжеттик өзөккө, системага бириктирилген.

Маселен: Эне-Бейит, бир чети ал кадимки эле Казангаптын сөөгүн коюу үчүн алып барган, өлгөндөрдү көмүүчү, кийин жабык аймакка айлантылган жай. Экинчи чети ал, ага байланыштуу айтылган легенда элдин өткөн тарыхынын эскерткичи, символу. Ал эми алардын сюжеттик-композициялык планда бирдиктүү пайдаланылышынын натыйжасында Эне-Бейит легендасы метафоралык мааниге ээ болот. Эне-Бейит легендасында жуан-жуандардын туткундарды башына шири кийгизип, акыл-эсинен айрып маңкурт-кулга айланткан шумдуктуу иштери, Найман эненин уулу Жоламанды өз энесине кол көтөрүшүн шарттаган ширинин кайгы-касирети баяндалган. Бул шири романдык сюжет өнүккөн сайын мезгилдик жактан берилип, мейкиндик масштабын улам кеңейткендиги байкалат. Элдин өткөн тарыхынын символу болгон Эне-Бейит космодром куруу үчүн темир корукка алынып, ал жакка кирүүгө жол жабылат. Эдигей Казангаптын керээзин орундата албай, Эне-Бейитти жок кылабыз дегендерге жана да терсаяк Сабитжанга ата-бабасынын сөөгү жаткан ыйык жай – Эне-Бейитти коргоп калуунун зарылдыгын түшүндүрө албай, айласы куруп, Сабитжан жөнүндө “Маңкуртсуң, маңкурттун маңкурту сен экенсиң!” деп турган чакта жакын эле жерден алай-дүлөй түшүрүп космостук ракеталардын биринин артынан бири учурулуп жатканына күбө болот. Бул – ширинин бир түрү, жер үстүнөн жасалып жаткан космостук ракеталык кырчоо эле. Башка планетадан, космостон эч кандай цивилизация жерге келбес үчүн жасалып жаткан “ракета кырчоо” операциясы. Мына дал ушул жерде, учкан ракеталардын ызы-чуусунан жалбырттаган жалынынан жер астын-үстүн болгондой болуп турган такта “Адам, төө, ит деген үч макулук качып баратты, ошо качып баратканда адам уулу Эдигейге элес келди: кайдан-жайдан пайда болду ким билди, бир заманда маңкурт ок жебеси жүрөгүнө сайылып, Акмаянын өркөчүнөн жылбышып кулап бараткан Найман-Эненин башынан түшкөн ак жоолук, жерге жетпей ак чалгын болуп кайып учкан ак-Эдигейди жандай учуп берди...

Адам уулуна чалгын куш жандай учту да, акыр-кыяматтын кулак тундурган күр-шарында чырылдап адамча сүйлөп учту: – Кимдин уулусуң? Атың ким? Атыңды эсте? Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...

Караңгы түн алоо жарыкты кара кучагына кымтып алган чакта да ушул үн кулакка жаңырып бара берди...” Романдын идеялык-көркөмдүк системасындагы ак куштун чакырык үнү – тарыхтын чакырык үнү. Мына дал ушул жерде үч башка турмуштук катмар, үч башка сюжеттик өзөк бир түйүнгө биригет, бир бүтүн көркөмдүк системага, метаформалык системага айланат.

Социалисттик тоталитардык бийлик учурунда Ч. Айтматов өз чыгармаларында ачык айтууга мүмкүн болбогон ойлорун канчалык каймана көркөм ыкмаларга салып айтпасын, оюн каалагандай толук айталбай мүмкүнчүлүгү чектелген учурлар да болгон. 1990-ж. жазуучу “Кылым карытар бир күн” романына кошумча бөлүм катары “Чыңгызхандын ак булуту” романга повестин жазган. Мында Эдигейдин мээ чарчаткан суроо-ойлорунун маанилүү бир бөлүгүн түзгөн, татаал мезгилдин курмандыгы болгон Абуталиптин тагдыры кең кесири берилет, ошондой эле реалдуу турмуш картинасы менен катар дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхандын трагедиясы баяндалып, бийлик жана инсан көйгөйү тереңдетилип чечмеленет. “Кылым карытар бир күн” романы дүйнөлүк адабий контексте терең философиялуу, социал маңыздуу кызыктуу көркөм чыгарма катары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, жакшы пикирлерде жаратты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы, Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004