Алымкулов Абилмажин

Википедия дан

Алымкулов Абилмажин Уста. 1937-ж. Тогуз-Торо районундагы Казарман (Алтын-Чөйчөк) айылында төрөлгөн.

Уругу өөдө-чекти. Орто билимдүү. Устачылыкка агасы Желден уулу Абдыбек үндөктөгөн. 1978-жылдан аваздык аспаптарды кармайт. Темир комуздун жаагына таш калайдан, жезден, мистен, жер алды менен тартылуучу электр зымдарынан тандайт. Комуздун тилин тросс көтөргүчтөн (кээде болоттон) алат. Комузунун жаагы 5-6-7 см келет (5 смден кемибейт). Комуздун жаагы канчалык узун болсо, үн толкуну ошончолук алыс тарайт. Тили орточо алынат (учу сынып калса жашытып кайра ийүүгө ылайыкташтырат). Өзү да темир комузда күү кага билет. Анын Ашырбаев Таалай, Ашырбаева Жыпаркүл өңдүү үйрөнчүктөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0