Алымкулов Сапарбек

Википедия дан

Алымкулов Сапарбек 1960-жылы 30-июлда азыркы Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган.

  • Октябрь кыштагыдагы A. С. Макаренко атындагы орто мектепти 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган.
  • 1977-1982-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда чет тилдер боюнча билим алган.
  • 1982-жылдан Баткенде, Сузак районунун мектептеринде эмгектенип,
  • 1991-жылдан мамлекеттик, туристтик, педагогикалык тармакта иштейт.
  • 1995-жылдан чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташып, Англияда, Америка Кошмо Штаттарында атайын курстардан окуп келген.
  • Билим алуусун улантып, экономикалык адистик боюнча Улуттук Университетти аяктаган.
  • Эл аралык органикалык кыймыл Федерациясынын (ИФОАМ) алдындагы Академиянын бүтүрүүчүсү.
  • Органикалык стандарттар, ИСО/ХАССП стандарттары, Фейртрейд стандарты боюнча адис.
  • Бир канча улуттук жана эл аралык денгээлдеги-Агрардык Платформа, Органикалык Кыймылфедерациясы,КМШөлкөлөрүн бириктирген ИФОАМ Евро-Азия сыяктуу уюмдарды түзүүгө катышкан.
  • 2009-жылдан бери органикалык айыл чарбасын түптөө боюнча кызматтарды аркалап келет.
  • Айыл чарба министрлигинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын Ардак Грамоталары, Федерациянын алкыш баракчалары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3