Бектурсун Алымов

Википедия дан
Алымов Бектурсун‎»‎ барагынан багытталды)

Алымов Бектурсун - публицист, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчѳсү.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алымов Бектурсун (25. 8. 1930, Чүй облусунун Панфилов району, Чорголу айылы - 28. 10. 1998, Бишкек) - публицист, педагогика илимдеринин доктору (1994-жылы), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1983-жылы), Кыргызстандын жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчѳсү.

Билими жана Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын (1951-жылы), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1955-жылы) бүтүргѳн. Ош областынын Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен районундагы мектептерде мугалим, директор, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор(1986-жылы)эмгектенген. Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптѳгѳн белгилүү илимпоздордун бири. Кѳптѳгѳн адабий-теориялык жана методикалык эмгектерди жаратып, ѳз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педогогикалык ой-дүйнѳсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын калеминен 200дѳй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адабияты боюнча программалардын, окуу китептеринин жана методикалык эмгектердин автору. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу кѳркѳм публицтикасы жазылып, «Жараланган жүрѳк» фильм-спектакли тартылган. «Ѳмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысымы берилген.

Эмгектери: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн айрым маселелери. Ф.,1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз энциклопедиясы.Б.,2006-жыл