Алыш сымап кени

Википедия дан

Алыш сымап кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте. 1962–92-ж. мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап рудасы Акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид жана акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Рудадагы сымаптын орточо өлчөмү 0,24%. Руданын С2 категориясы б–ча запасы 92,5 миң m, сымаптыкы 222,2 m.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]