Альбрехт Дюрер

Википедия дан
Альбрехт Дюрер.

Альбрехт Дюрер (нем. Albrecht Dürer 21. 5. 1471, Нүрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси жана искусство теоретиги, Кайра жаралуу доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлердин алтары», 1502–04, Эски пинакотека, Мюнхен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийинки готика өнөрүнүн элементтери менен айкалышат. Реформация мезгили менен 1525-жылдагы Дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү («Төрт апостол», 1526) Кайра жаралуу доорундагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендиктеринен болгон. Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт галереясы) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Дюрер философиялык терең образдарга бай, формасы боюнча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравюраларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Дюрер архитектура, математика, механика жаатында да эмгектенген. Дүйнөлүк жана немис маданиятынын тарыхында анын трактаттары, күндөлүктөрү маанилүү орунду ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]