Аляева, Динара

Википедия дан
Динара Аляева
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Коомдук ишмер

Туулган датасы:

1977 жыл

Туулган жери:

Теплоключенка айылы, Ысык-Көл облусу, Кыргыз Республикасы

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Сайт:

https://pomogatlegko.kg/

Аляева Динара Умарджановна (1977-жылы төрөлгөн, Ысык-Көл облусу, Теплоключенка айылы) – Кыргызстандагы Биринчи балдар хосписинин негиздөөчүсү, “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Аляева Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Аляева көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон, ал сегизинчи бала болгон. Атасы айдоочу, апасы ашпозчу болуп иштечү[1].

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Тарых жана саясий илимдер факультетин “Социалдык-экономикалык дисциплиналар” адистиги боюнча аяктаган.

2020-жылы Индиана университетинде (АКШ) “Fundraising School” – Каражат чогултуу боюнча мектепте тренингден өткөн.

2019-жылы Бирмингем университетинин (Улуу Британия) “Health Care Policy and Management” (Саламаттык сактоо жаатындагы саясат жана башкаруу) программасына магистратурага өткөн.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Аляева окуусун аяктагандан кийин билим алган университетинде 2001-жылга чейин саясат таануу жана адам укуктары боюнча окутуучу болуп иштеген. 2006-2007-жылдары “Cenergy” эл аралык компаниясында сатуулар боюнча менеджер болуп иштеген. Бул учурда ал Лондондо жашаган. Бир нече жылдан кийин ал мекенине кайтып келген. 2011-жылдан 2012-жылга чейин Аляева “KARVEN Group” компаниясында маркетинг боюнча директор болуп иштеген.

2013-жылдын октябрынан 2015-жылдын май айына чейин “Ишеним” Насыя-маалымат бюросунда өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-жылдын февраль айынан азыркы учурга чейин “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору жана 2015-жылдын октябрынан азыркы учурга чейин “Биринчи балдар хосписи” коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана президенти[2].

Кайрымдуулук иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Аляева студент кезинде эле Каракол шаарындагы “Лидер” жаштар уюмунун ыктыярчысы болгон. Ал жерде Динара патологиясы бар жана кароосуз калган балдар менен иштеген. Дал ошол жерден ал эл аралык ыктыярчылар менен иштөө тажрыйбасына ээ болгон, ошондой эле ар кандай тренингдерге жана семинарларга катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Аляева көп жыл Лондондо иштеп, тил курстарына да катышып, ошол жерден эле Ак-Суу балдар үйүнө жаңы жылдык белектерди чогултуу акциясын уюштурган. Маектеринин биринде мындай деп айткан: “Кесиптештерим бул идеяны колдоп кетишти. Ошентип, бир ай бою кеңсебиз “Аяз атанын кеңсесине” айланып калган. Бул унутулгус учур болду”.

Бир нече жылдан кийин ал ушундай эле кайрымдуулук акциясын өткөргөн. Бирок бул жолу кесиптештери менен эмес, Париж-Бээжин-2010 раллисинин катышуучулары менен өткөргөн. Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар Кыргызстандагы балдардын көйгөйлөрү тууралуу кенен маалымат алышып, жаңы жылдык белектерге, кышкы кийим-кечеге 3000 фунт беришкен[3].

Кыргызстанга кайтып келгенде Динара рак менен ооруп, Түштүк Кореяда дарыланып жаткан Адиль аттуу баланын апасы Ботогөздүн окуясын окуп калат. Динара достору менен биргеликте кайрымдуулук концертин уюштурууну чечип, анын соңунда 1000 долларга жакын акча чогултуп, Түштүк Кореядагы Адилдин апасына жөнөтүшкөн. Муну менен эле токтоп калбастан, Динара рак менен ооруган балдарга жардам берген немис фондуна кайрылууну чечет. Бул фонд да Адилге жардам берген. Ушундай окуялардын чынжыры аны Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө жетелеп келет. Бул бөлүмдө ыктыярчы катары иштеп жүрүп, 2014-жылы Динара “Жардам берүү оңой” коомдук фондун ачууну чечкен.

Динара Аляева Биринчи балдар хосписин 2015-жылдын октябрь айында ачкан. Хоспис кайрымдуу адамдар берген каражаттын эсебинен иштеп жаткан. Бул хоспис абалы абдан оор балдарга кам көрүп, алардын ата-энелерине ар тараптуу жардам көрсөтүп турган[4].

Биринчи балдар хосписи Динаранын командасы ижарага алган чакан имаратта жайгашкан эле. Рижская көчөсүндөгү ал үйдө төрт эле бөлмө бар болчу: балдарга орун жетпей, имараттын өзү төшөктө жаткан бейтаптарды кароого ылайыктуу эмес эле. Динара Аляева муниципалитетке кайрылып, балдар хосписин уюштурууга жай бөлүп берүүнү өтүнгөн.

2016-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясы “Биринчи балдар хосписи” кайрымдуулук фондуна жай бөлүп берген[5].

2016-жылы “Спутник-Кыргызстандын” рейтинги боюнча Динара Аляева өлкөдөгү эң таасирдүү 20 коомдук ишмердин тизмесине кирген[2].

Интернеттеги булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда катуу оорулуу жана өлүм алдында жаткан адамдар үчүн хоспис ачылат // https://kloop.kg/blog/2016/10/06/v-kyrgyzstane-poyavitsya-hospis-dlya-tyazhelobolnyh-i-umirayushhih-lyudej/ Эльдос Казыбеков – 2016-жылдын 6-октябры

Көп түкүрсө, көл болот: Активист акча чогултуп, Кыргызстанга ракты дарылоочу аппарат сатып алууну сунуш кылууда // https://ru.sputnik.kg/20160510/1025100719.html 10.05.2016 (жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)

Линиялык тездеткичти сатып алуу. Кыргызстандыктар чогулткан акча эмнеге жумшалат?// https://ru.sputnik.kg/20180712/linejnyj-uskoritel-dengi-kyrgyzstan-1040151282.html 12.07.2018 (жаңыртылды: 19:44 15.12.2021)

Жээнбеков 40 жарандык активист менен жолугушат. Сүрөттөр жана тизме // https://ru.sputnik.kg/20180719/kyrgyzstan-zhehehnbekov-grazhdanskij-sektor-1040248421.html 19.07.2018 (жаңыртылды: 19:44 15.12.2021)

Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн линиялык тездеткичтерди ишке киргизди. Аппараттар 2020-жылдын күз айларынан бери иштебей турган // https://kloop.kg/blog/2021/07/07/minzdrav-zapustil-linejnye-uskoriteli-dlya-lecheniya-onkobolnyh-apparaty-prostaivali-s-oseni-2020-goda/ Ислам Розиев – 2021-жылдын 7-июлу

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Динара Аляева. Между жизнью и жизнью. http://bishkekchanka.kg/article/dinara-alaeva-mezdu-ziznu-i-ziznu Archived 2020-02-17 at the Wayback Machine
  2. 2.0 2.1 Динара Аляева. https://apake.kg/ru/about/6/
  3. Динара Аляева: «Те дети, которых уже не спасти, все равно нуждаются в помощи» https://womo.ua/dinara-alyaeva/
  4. В Кыргызстане появится хоспис для тяжелобольных и умирающих людейhttps://kloop.kg/blog/2016/10/06/v-kyrgyzstane-poyavitsya-hospis-dlya-tyazhelobolnyh-i-umirayushhih-lyudej/ От Эльдос Казыбеков -06 октября 2016
  5. В Бишкеке открылся Первый Детский хоспис https://www.meria.kg/ru/post/14716