Аманалиев Баатырбек

Википедия дан

Аманалиев Баатырбек (1929, Чүй облусу., Акбешим айылы – 1996, Бишкек) – философия илимдеринин доктору (1966), профессор (1968).

1950-ж. Кыргыз мамллекетинин педагогиялык институтун бүтүргөн. Мугалимдер институтунда, КМУда доцент, Ош мамлекеттик институтунда кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИА философия жана укук институтунда директордун орун басары, Бишкек мамл. университетинде профессор. Философия тарыхы жана социалдык филос. тармагында белгилүү адис. 40тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин кыргыздардын байыркы мезгилден 20-к-дын башына чейинки коомдук-философиялык ойлорунун өнүгүшүнө, кыргыз философиясына арнаган. А. и. Асан Кайгы, Толубай сынчы, Санчы сынчы, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Токтогул, Тоголок Молдо сыяктуу акын ойчулдардын философиялык көз караштарын талдаган. А. Б. 19–20-к-дардагы кемтикти ар кандай социалдык багыттагы кыргыздын философиялык ойлорун изилдөөгө өзгөчө көңүл буруу менен толуктаган. А. Б. изилдөөлөрүндө кыргыздын философиялык кызыкчылыгын 5-к-дан баштаганы менен 15–18-к-дарда гана белгилеген. А. Б. этикалык ойлорду заманачылар ачык-айкын чагылдырганын өз изилдөөлөрүндө баса көрсөтөт. А. Б. заманачылар деп аталган ойчулдардын социологиялык жана философиялык идеяларына илимий талдоо жүргүзүү көбүрөөк орунду ээлейт.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Из истории философской мыси киргизского народа. Ф.: 1963;
  2. Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголок Молдо. Ф. : 1963;
  3. Кыргызские мыслители 19 – и нач. 20 века. Ф.: 1965;
  4. Из истории религии и свободомыслия в Киргизии. Ф.: 1968 ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]