Аманбай Кайыпов

Википедия дан

Аманбай Кайыпов 1966-жылы 1-сентябрдра Жаңы-Күч айылында туулган.
Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1990-91-ж. аталган окуу жайынын комсомол комитетинин секретарынын, 91-93-ж. профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары, 1993-94-жылдары туулуп өскөн айылында Жолдубай Кайыпов атындагы орто мектебинин директорунун, 1995-2010-жыл аралыгында Дордой базарынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2011-12-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы болгон.
2013-жылы шаардык кеңешке кайрадан депутат болуп шайланып, Социал-демократиялык фракциясынын лидери болгон.
2013-жылдан тарта Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келе жатат.