Амангелди Абдувапов

Википедия дан
Амангелди Абдувапов.

Жазуучу жана публицист Амангелди Абдувапов Кара-Суу районунун Жоош айылында 1947-жылы туулган. Туулган айылындагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктаган соң, Кара-Суу совхозунда жумушчу болуп иштеген. 1970-жылдан «Агартуу», «Победа» орто мектептеринде, 1978-жылдан №59 кесиптик-техникалык окуу жайында кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

Ош педагогикалык институтунун филология факультетин сырттан окуп бүтүрүп, Кара-Суу районундагы Т.Бердибаев атындагы орто мектепте иштеп келген. 1960-жылы «Кыйраган өрүкзар» деген чыгармасы райондук «Эмгек майданы» гезитине жарыяланып, кийин бир нече аңгемелер жыйнагы, документалдуу повести жарыкка чыккан. 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күн бетинде жүгүргөн жоокер: Аңгемелер. – Ош, 1993. – 48 б.
  • Акыркы мечит: Аңгемелер. – Ош, 1996. – 20 б.
  • Мухит жамгырдан жаралат: Даректүү баян. – Ош, 1997. – 112 б.
  • Өмүрдөгү издер: Эскерүүлөр. – Ош, 1999. – 48 б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]