Калыева Өктөм

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Калыева Өктөм – жазуучу. Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында 1962-жылы 21-мартта туулган.

1979-жылы Совет орто мектебин, 1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Чаткал райондук “Чаткал оттору” гезитинде корректор болуп иштөө менен баштап, 1985-жылы жооптуу катчы, 1987-жылы райондук жергиликтүү радионун редактору болуп иштеген жана Чаткал айылдык советинин Аялдар кеңешинин төрайымы болгон.

1989-жылы республикалык “Мугалимдер гезитинде” кабарчы, балдар бакчасында кыргыз тил мугалими, 1990–1992-жж. Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы Партиянын тарыхы институтунда редактор, 1992–2000-жж. республикалык “Эркин-Тоо” гезитинде корректор, кабарчы, бөлүм башчы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Дарыгер” гезитинде жооптуу катчы (1994–1995) болгон.

1996-жылы “Ак калпак” жеке менчик гезитин уюштурган.

2000-жылы Чүй облустук “Чүй баяны” гезитинде баяндамачы, 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында сектор башчы, референт болуп иштеген. “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” китебинин авторлошу катары мекеме-уюмдардын, министрликтердин кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча сабак берген.

2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык патент кызматында адис, аталган мекеменин Мамлекеттик тил комиссиясынын, катчысы болуп иштеп келет.

Обончу катары акындар А.Акбаровдун, Э.Тезекбаеванын, Б.Чотурованын ж.б. сөздөрүнө жазылган обондору телерадиодон аткарылып келет жана айрымдары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

Орус эл жомокторун, Г.Х.Андерсендин жомокторун, “ЛАРК” КБсынын “Жер мыйзамы” гезитин, ченемдик-укуктук актыларын, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун материалдарын, ж.б. кыргыз тилине которгон.

1989–1990-жж. адабий сын макалалары “Кыргызстан маданияты” жумалыгына жарыяланып турган. Бир топ адабий-көркөм, публицистикалык, илимий-методикалык китептерди, сөздүктөрдү түзүүчүлөрдүн бири жана редактору.

Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу электр энергиясына, жылуулукка төлөө квитанцияларын кыргызчалап, элге жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү / Кыргыз жана орус тилдеринде/ – Б., 2004. – 220 б. (авторлош).

Казат Акматов: Адабий портрет. К-те: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 8-том. - Б.: Бийиктик, 2003. - 102-132-бб.

Кылмышкер аял: Новеллалар, аңгемелер. – Б.: Басма-Тамга, 2008. – 110 б.

Ойнок менен Мойнок: Балдар үчүн аңгеме. – Б.: Басма-Тамга, 2009. 24 б.

Кандуу үч бурчтук: Саясий детектив. – Б.: Басма тамга, 2010. – 138 б.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]