Ханс Кристиан Андерсен

Википедия дан
Ханс Кристиан Андерсен (1869).

Андерсен Ханс Кристиан (2. 4. 1805, Оденсе 4. 8. 1875, Копенгаген) - дания жазуучусу. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген университетинде окуган. «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826-27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) менен таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феодалдык доор сынга алынган. Ошондой эле «Импровизатор» (1835) жана «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында искусствонун коомдогу ролу, акын менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлөт. Андерсендин 1930-40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде жазылган жомокторунда адамдар ортосундагы мамилелер менен жаратылыштын сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат. 160тан ашуун жомок жазып, алар дүйнө элине тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» жана башка жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39), кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1