Аман калган (тасма 2015)

Википедия дан
Аман калган (фильм 2015)‎»‎ барагынан багытталды)
Аман калган
The Revenant
Урааны

«Кашык кан калгыча...»

Жанры

Триллер, вестерн

Режиссёру

Алехандро Гонзалес Инарриту

Продюсери

Стив Голин
Кейт Редмон
Дэвид Кантер
Алехандро Г. Инарриту
Арнон Милчен
Деймс Скотчдополе

Сценарийдин
автору

Алехандро Гонзалес Инарриту,
Mark L. Smith

Башкы ролдордо

Леонардо Ди Каприо
Том Харди

Оператору

Эммануэль Любецки

Композитору

Рюити Сакамото
Alva Noto
Брайс Десснер

Кинокомпания

Regency Enterprises
Anonymous Content
RatPac-Dune Entertainment
20th Century Fox (ижара)

Узактыгы

156 мүнөт

Бюджети

135 млн $

Кирешеси

532 950 503 $

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2015

IMDb

ID 1663202

Аман калган (англ. The Revenant) - 2015-жылы жарык көргөн АКШнын биографиялык вестерн триллер тасмасы. Режиссеру жана продюссерлеринин бири Алехандро Гонзалес Инарриту. Сценарийдин авторлору Инярриту менен Марк Смит. Майкл Пункенин 2002-жылы жазган ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. 1823-жылы чек ара аймагында жашаган Хү Гласстын окуясын сүрөттөйт. Образдарды жараткандар Леонардо Дикаприо, Том Харди, Доналл Глисон жана Уилл Поутлер.

Продюсер Акива Голдсман Пункенин кол жазмаларын сатып алгандан кийин тасманын үстүнөн 2001-жылдын август айында иштей баштаган. Инярриту 2011-жылдын августунда режиссерлук кылууга кол койгон. Башка долбоорлордон улам иш жылып олтуруп 2014-жылдын апрелинде Инярриту "Аман калган" тасмасынын үстүнөн иштей баштаарын ырастап, Дикаприо башкы ролду аткараарын айткан. Негизги тасма тартуу иштери 2014-жылдын октябрь айында башталганы менен жер жана актердук топко байланыштуу 2015-жылдын майынан августуна чейин создуктурулган.

Тасманын бет ачары TCL кытай театрында 2015-жылдын 16-декабрында болуп өткөн. 25-декабрда чектелген түрдө көрүүчүлөргө сунушталып, 2016-жылдын 8-январынан тарта кеңири катмарга көрсөтүлгөн. Тасма киносынчылардын оң баасына татыган. Аткаруу чеберчилиги, режиссура жана оператордук иш алкоо алган. "Аман калган" тасмасы Алтын глобустун үч сыйлыгын, БАФТАнын беш байгесин алган. 88-Оскар аземинде Инярриту (Эң мыкты режиссер), Дикаприо (Эң мыкты эркек актер) жана Эммануэл Лубецки (Эң мыкты оператордук иш) сыйлыктарга ээ болушкан. Дикаприо Алтын глобустун "Эң мыкты актер — драма тасмасы", АКШнын киноактерлор гилдиясынын "Эң мыкты эркек актер", Киносынчылардын "Эң мыкты эркек актер" жана БАФТАнын "Эң мыкты эркек актер" наамдарына да татыган.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ХIX кылымдын экинчи бөлүгү. АКШнын түндүк батыш жагы. Индейлердин жерлерин талашуу курчуп турган маал. Териси баалуу жаныбарларга аӊчылык кылуу Жапайы Батышта жөнгө салынган кез. Бир канча адамдардан турган топтогу аӊчыларга индейлер кол салып, аӊчылардын кээ бирлери качып кутулушат. Индейлерден жашынып токой, тоо аралап бараткан аӊчылардын бири Хү Гласска аюу кезигип, аны оор жарадар кылат. Глассты кароо үчүн анын уулу Хоук менен Жим Брижер, Жон Фицжеральд аттуу аӊчылар калса, калганы сапарын улантышат. Оор абалдагы Гласстын тирүү калары күмөн жаратат. Аны карамакчы болгон Фицжеральд Хоукту өлтүрүп, жаны чыга элек Хү Глассты тирүүлөй көмүп салат. Ал эми Жим Брижерди өзү менен кошо ээрчитип кетет. Өжөрлөнгөн Гласс тагдырга баш ийбей, аман калат. Эми анын бир гана максаты бар – өч алуу...

Тасманын жаратуучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чындыгында, бул тасманы тартуу режиссёр үчүн гана эмес, бардык тартуучу топ үчүн оӊойго турган эмес. Канада менен АКШнын каардуу аба ырайы ыӊгайсыздыкты жараткан. Алар күз айы деп болжолдогон жерде ызгаардуу суук болсо, кыш маалы керек учурда күн тийип, жылуу болуп калган. Мындай учурда керектүү техника, жабдыктарды бир жерден экинчи жерге тик учак менен көчүрүү керектелип, дээрлик күндүн жарымын көчүү үчүн гана жумшашкан. Мындан улам тасманы тартуудагы иштегендердин ортосунда пикир келишпестиктер күчөп, жумушчулардын туруксуздугу орун алган. Жыйынтыгында тасманын продюсерлеринин бири жумуштан четтетилип, Том Харди менен Иньярритунун ортосунда да пикир келишпестиктер болуп турган.

Тасмага даярдык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Аман калган» Голливуддагы көп азап көргөн долбоорлордун бири. Анткени Майкл Панкенин романынын негизинде тасма тартуу тууралуу идея 2001-жылы эле жаралып, бир канча себептерден улам долбоор он жылдан ашык кармалат. 2011-жылы гана режиссёрлукка Алехандро Иньярриту бекитилгенден тарта иш алдыга жыла баштайт. Башкы ролдорго Леонардо Ди Каприо менен Шон Пенн бекитилет. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам долбоор өз убагында ишке ашпай, дагы кармалат. Жыйынтыгында Шон Пенн ролдон баш тартып, анын ордуна Том Харди дайындалган. Тасма тартуу иштери 2014-жылы сентябрь айында башталган.

Көрөк берген эпизоддор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын түпкүрүндө ата менен баланын мамилеси, эки башка маданияттын айкалышы, табият менен адамзаттын ортосундагы мамиле жатат. Адам канчалык оор акыбалда болбосун, ал өжөрлүгү менен бардыгын жеӊе алары биринчи орунда. Канаданын тоолуу аймактары менен Сквамиш өрөөнү, АКШнын Кутеней дарыясы менен Аргентинадагы Оттуу Жердин табияты тасмага көрк кошкон. Аска-зоодогу жымжырттык, шамал болгондогу токойдун үнү, дарыянын шоокуму... Муну менен тартуучу топ жаратылыштын кооздугун толугу менен ачып бере алышкан. Тасмага атайын компьютердик эффекттер менен тартылган бир канча эпизоддор көрүүчүлөрдү көӊүл кош калтырбайт. Гласстын аюу менен болгон күрөшү, аттын ичинде укташы, метеориттердин түшүшү тасмада өтө чеберчилик менен берилген.

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Драмалык экшнди камтыган сюжетте баш каармандын сүйлөшүүсүнө караганда анын кыйкырып-өкүрүүсү, ыйы жана көз жашы биринчи орунга коюлган. Баш каарман тасмада көп сүйлөбөйт, актёрдук чеберчилик эмес эле актёрдук эрдик көрсөтүлгөн десек болчудай. Себеби Леого 25 градус суукта суу болгон кийимчен жүрүп, балык менен бизондун бөйрөгүн чийки жегенге жана индей тилин үйрөнүүгө туура келген. «Мен үчүн каармандын жараларын көрсөтүү үчүн колдонулган грим коюу башкы сыноо болду. Аны жасоо үчүн күнүнө 4-5 саат керектелчү. Ал эми жарым жыл өстүргөн сакалым катуу суукта бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Башка тасмалардагы каармандарым көбүнчө көп сүйлөшөт эле, ал эми Хью Гласс андай эмес. Бул каармандын мүнөзүн көрсөтүп, эмоционалдык абалын толугу менен ачуу үчүн керек эле»,- деп билдирет Леонардо Ди Каприо. Жылдын башында тасма жана аны тарткан команда сыйлыктарды чогултууну баштады. Алсак, аталган тасма мыкты режиссёр, тасма жана актёр номинациясында «Алтын глобуска» татыды. Эми кезек «Оскар» сыйлыгында.

Кыскача маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аӊчы Хью Гласстын 1823-жылы башынан өткөргөн окуясы баяндалат.
  • Ди Каприого «Стив Жобс» тасмасына тартылуу сунушу түшкөн, бирок актёр «Аман калган» тасмасына тартылууну тандаган.
  • Тартуу иштеринде бир дагы жаныбар өлтүрүлгөн эмес.
  • Гласстын суудан аккан эпизодунда Леону 5 каскадёр алмаштырган.
  • Тасма көрсөтүүгө чыккандан бир нече күндөн кийин пираттык чабуулга кабылып, интернетке тарап кеткен.
  • Жалпы 12 номинация боюнча «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүүдө.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]