"Оскар" сыйлыгы
Оскар | |
Academy Awards | |
---|---|
Өлкө | |
Сыйлык |
Кинофильмдерди жаратууда, көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет. |
Уюштуруучусу | |
Негизделгени | |
Акыркы ээси | |
Сайты |
Сыйлык Америка киноматография искусствосу жана илимдери академиясы (англ. Academy Awards, түз мааниде — «Академиянын сыйлыгы»), 1940-жылдан бери «О́скар» аталышы менен белгилүү (англ. Oscar), — америкалык киносыйлык, 1929-жылы түзүлгөн жана жыл сайын киножаратуучуларга, алардын көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет. Сыйлоо аземи жыл сайын Лос-Анджелесте, «Долби» театрында өткөрүлөт жана дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө түз эфирде көргөзүлөт.
Америкалык киностудия «Metro-Goldwyn-Mayer»дин ээси Луис Барт Майер тарабынан 1929-жылы тасма тартууда ийгиликтерди жаратып, АКШнын кинематографиясына чоң салып кошуп, анын өсүшүнө өбөлгө болгондорго тапшыруу үчүн ойлонуп табылган. Азыркы убакта да ишин алып барып жаткан эң эски киносыйлыктардын бири.
Тапшыруу жана шайлоо эрежелери бир нече жолу өзгөргөн. Женүүчүлөрдү тандоо жобосу дагы көп ирээт сынга алынган болсо, Академиянын мүчөлөрүнө коррупция күнөөсү да коюлган — буга карабастан, «Оскар» дүйнөдө эң маанилүү жана кадырлуу киносыйлык болуп эсептелет.
«„Оскар“ сыйлыгын алуу кино дүйнөсүндөгү эң барктуу чекит, профессионалдык ийгиликтин символу болуп эсептелинет».
Оригиналдык текст (англ.)«Winning the Oscar Award is considered to be the ultimate achievement in the film world, the epitome of professional success».
.
Жаралуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тарых алдында: Академиянын түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
АКШда биринчи киноакадемия ачуу идеясы күчтүү киностудия Metro-Goldwyn-Mayerдин ээси Луис Б. Майерге 1926-жылдын ноябрь айында келген. Академияны түзүүгө «Киностудиялардын негизги макулдашуусун» маанилүү 9 кинокомпания жана 5 союз кол койгондугу жана Американын киноиндустриясы бир союзга бириккендиги себеп болду. Бирок бул макулдашуу техникалык жумушчуларга гана тиешелүү болгон, ал эми режиссёрлор, сценаристтер, актёрлор стандарттык макулдашууну сактоого мажбур эле.
Монтажёрлор, композиторлор, сүрөтчү-уюштуруучулар жана башка ишкерлер өзүлөрүнүн гильдияларын түзгөнгө чейин, Майер ишке киришүүнү чечкен жана 1926-жылдын декабрь айында бул тармактын лидерлери: актёр Конрад Найджел, режиссёр Фред Нибло жана АКШнын кинопродюсерлеринин ассоциациясынын жетекчиси Фред Битсон. Булар ,ар кандай эмгек тартышууларында ортомчу боло турган жана киноэкрандагы талаштуу контентти контролдогон Хейстин офисинин жардамы менен Голливуддун дүйнөдөгү репутациясын жогорулата турган организацияны түзүүнү көздөшкөн.
Кесипештеринин колдоосу менен Майер келечектеги организациянын мүчөлөрүн тандоодо өзү баш болуп турган. 1927-жылдын 11-январында ал, кинотармактын 36 лидерин «Амбассадор» конок үйүнө чакырган. Майер Академияга «Эл аралык» наамын берүүнү жана анын составына көркөм өнөргө жана кинотартууга салым кошкон көрүнүктүү инсанларды гана кабул алууну сунуштаган. Ошого карабастан, анын адвокаттары ассоциациянын аталышынан "Эл аралык" сөзүн алып салууну сунушташкан. Көп өтпөй Академия расмий түрдө «Кинематография искусствосу жана илимдери академиясы» атын алган.
1927-жылдын 27 январында Академия легалдуу корпорация боло алган. Бул, Калифорния штаты ага коммерциялык эмес статусун бергенинде гана мүмкүн болду. Ошондо Академиянын биринчи мүчөлөрү тарабынан кызмат адамдары шайланган: актёр Дуглас Фэрбенкс президенти, сценарист Фрэнк Вудс — катчысы болуп дайындалышкан. Өзүнүн киностудиясынын эсебинен Майер 300 адамг «Билтмор» конок үйүндө кече уюштурган эле. Ал жакта Академиянын жаңы президенти Фэрбенкс узун сөз сүйлөп, өзгөчө киноэкран жана көрүүчүлөр коркунучтуу цензуранын алдында турат деп белгилеген.
Негизги номинациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Азыркы учурда «Оскар» негизги 24 номинация боюнча берилет: