Амат Бердиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бердиев Амат Сулаймановичтин өмүр баяны.

Бердиев Амат Сулайманович 1959 жылдын 16 февралында Өзгөн районуна карашту Кызыл-Суу айылынын Эсеке кыштагында жумушчунун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Амат –жети бир туугандын бешинчиси.

Билими Жогорку, адистиги боюнча педагог-аграном-юрист.

1987 жылдан бери КПССтин мүчөсү.

Ал өз эмгек жолун Куршаптагы (мурдагы Ворошилов) Куршаб орто мектебин (1966-1976 жж) аяктагандан кийин, Куршаб савхозунда катардагы жумушчу-слесардан (1976-1978 жж), Ош Мамлекеттик педогогикалык институтунун физика-математика факультетинин студенти (1978-1982 жж), Өзгөн районуна караштуу «Токтогул Сатылганов» атындагы мектептин мугалими (1982-1983 жж), Куршаб савхозунун комсомол комитетинин секретары (1983-1988 жж), Өзгөн райондук чарбалар аралык багбанчылык чарбасынын профсоюз комитетинин търагасы, партиялык уюмдун катчысы (1988-1994жж) болуп иштөө менен, сонку 20 жылда Түштүк Батыш (мурдагы Ош) бажысында (1994-2014 жж) ар кандай кызматтарда кызмат өтүү менен ардактуу эс алууга чыкты.

Атасы, Бердиев Сулайман ава курч мүнөздүү, сөзмөр, патриот, аскер андан кийин Советтик, чарбалык кызматкер болгондугунан бы, же апасы акыл карачачтан Салия эненин жумшак-мээримдүү, намыскөй, алысты көрөбилген аялзатынын тарбиясынанбы,- Амат, мүнөзү курч, бир създүү, айтканынан кайтпаган, чындыкты бетке айткан жана чындыгы үчүн чыркыраган сапаттары менен өз тендүү жаштардан өзгөчүлүнүп турчу.

Амат институтта уюштургуч, активист, патриот жана лидер студенттерден болгон. Ошол мезгилде студенттин колу тийбеген жумуш болгон эмес. Алардын эс алуусу дайыма эмгек менен коштолуп турчу.

Студетчилик күндөрдө группанын старостасы катары, өз группасын алдыга тартып институттун окуу-тарбия иштери боюнча өз ара социалистик мелдешине катышышып, институт боюнча 1-орунду (1980 жыл) женип алышып, ардак грамота менен сыйланып, натыйжада Самарканд шаарына группасы менен 3 күндүк туристик путевка менен саякатка барып келишине анын өзгөчө салымы зор.

Ошондой эле студентик күндөрдө Амат өз «Педагог» студенттик курулуш отряды менен Ташкентеги Бүткүл Союздук 3 айлык «Достук» курулуш отрядына, Кыргызстан студент-жаштарынын атынан катышып, ал жердеги Ташкент шаарынын курулушуна активдүү катышкандыгы жана эл аралык студент-жаштар арасындагы кароолорго катышышып, ар тараптан жогорку социалисттик мелдештик, конкурстук денгээлдеги көрсөткүчтөрү үчүн (1981 жыл) Өзбек Республикасынын курулуш Министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бир мезгилдеги темир канат балапан бой жетип, жогоркуу билимдүү болуп алгачкы ишин мектеп окуучуларын окутуудан баштады. Аматтин активдуу кадр экендигин байкаган райондук партия комитети алгач анын кондидатурасын шайлого коюп, натыйжада «Куршаб» савхозунун комсомол комитетин катчысы болуп шайланды.

Эл жүгүн артынып, жоопкерчиликтүү иштери башталып натыйжада бир топ алгылыктуу иштер жаралып, райондун, Куршаб айылынын, совхозунун экономикасын, маданиятын өнүктрүүдө, жаштарды патриоттуулука тарбиялоодо талыкпай эмгек өтөп, күнү-түнү үй бетин көрбөй, жаштар менен жолугушуп, маданий иш чараларды уюштуруп, канчалаган көйгөйлүү күндөрдү баштан кечирип эмгектенип бир топ ийгиликтердин ээси болуп, эл алкоосуна алынып, «Атанын уулу» аталды.

Амат Бердиевтин директүүлүгүн баалаган жетекчилик, Москва шаарындагы жогорку комсомолдук окуу жайына (1986 ж.) жөнөтүп, билимин өркүндөттү. Куршаб совхозунун комсомол комитети, жаштар коллективтери менен биргеликте ВЛКСМдын Бүткүл Союздук комсомол комитеттери арасындагы жана жаштар арасындагы социалисттик мелдешке Кыргыз ЛКЖС-нын атынан катышып, жыл жыйынтыгы менен союз боюнча 3-орунду ээлеп, Амат Бердиев ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы (1988 ж.) менен сыйланды. Ошндой эле жакшы жетишкендиктери үчүн Ош обком комсомолдун Ардак грамотасы жана ВЛКСМ БКнын «ВЛКСМ 70 жыл» юбилейлик төш белгиси менен сыйланды (1989 ж.) Амат Бердиев жетектеген жаштар Республикада комсомолдук жаштар коллективтери арасында жыл жыйынтыгы менен «Улуу Ата Мекендик согуштагы Гвардиялык өтмө желегин», ошндой эле социалистик мелдештин женүүчүсү болуп, райондук «Өтмө кызыл туусун» женип алышкан.

1987-1989 жылдары Өзгөн районуну Кароол айылдык кенештин депутаты болуп шайланган.

1983-1986 жылдары Ош совхоз техникумунун «Агроном» адистигин сыртан окуп бүтүргөн.

1985-1987 жылдары Өзгөн райондук коммунистик партиянын жолдомосу менен Ош областык обком партиясынын алдындагы Марксизм-Ленинизм Университетинин «Идеологиялык кадрлар» адистиги бөлүмүн бүтүргөн.

1986-1990 жылга чейин Ош областык элдик контролдо комитетинин штаттан тышкаркы инспектору болуп иштеген. Областык денгээлде алгылыктуу иш аракеттери менен элдик мүлктү сактоо, жемкорлукка жол бербөө, тартиб кармоо боюнча бир топ жумуштарды аткарып, областык элдик контролдоо комитетинин Ардак грамотасы жана кол сааттары менен сыйланган. (1989 ж.).

Жогорудагыдай жумуштар, ийгиликтер анын демине-дем кошуп, өз элине дагыда талыкпай эмгек кылууга бел байлады.

Конкурстук негизде шайлоодо Өзгөн чарбалар аралык багбанчылык мекемесинин профсоюздук комитетинин төр агасы болуп шайланды. (1988-1994 жж.) Район боюнча жер жерлердеги профсоюздук топтордун иштерин жакшыртуу менен жумушчулардын өндүрүштүк тартиптеринин бекем сакталышын камсыз кылуу менен, социалисттик мелдештерди кенен жайылтып, иштөө шарттарын түзүп, натыйжада чарбанын рентабелдүүлүгү менен район боюнча алдыга чыкты.

Директору Э. Танаев экөө чарбаны алдыга тартып, район боюнча 500 га жер аянтка жаш көчөттөрдү эктиришип бакчачылыкты алдынкы катарга чыгарышты. Элдин макулдугу менен экономикасы, инфраструктурасы, социалдык абалы боюнча артта калып кеткен Кызыл Октябрь чарбасынын №3 бөлүмүн колго алышып аны айылдын тургуну Советтер Союзунун баатыры М. Тешебаевтин ысмын берип, М. Тешебаев атындагы чарбалар аралык багбанчылык чарба деп аташып, кыска убакытта бул айылга: комплекстүү автогараж, айыл чарба техникалары сакталуучу жай курулуштары; нефтебаза; дан сакталуучу кампа; мектепке кошумча «Ашар ыкмасы» менен балдар окуучу 6 класстуу мектеп курулуштары курулуп; жаштарга “чектер” берилип, электр зымдар тартылып, мурда болуп көрбөгөндөй элдин социалдык абалынын жакшырышына зор салым кошушкан (1992 жыл.)

А. Бердиев райком профсоюздун мүчөсү болгон.

Убагында, райондук, облустук, Республикалык комсомолдук, профсоюздук пленум, конференциялардын татыктуу делегаты болуп турган.

1994 жылы –Амат Бердиев өмүрүндө эң чон бурулуштун жылы болду.

Анткени атасы Бердиев Сулайман аванын аскер адамы болгондуктан, Амат да, атамды тартып аскер адамы болсом деп аскер тартибиндеги фиксалдык структурадагы бажы кызматына жумушка жайгашып, бажы формасын кийип, офицер погонун тагып, СССРдин тушунда таалим-тарбия алып, комсомолдук-коммунисттик духта тарбияланып, өзүнүн бүткүл өмүрүн, билимин, чыгармачыл иш билгичтигин, энергиясын келечекке багыттап, элибиздин токчулукта, тынчтыкта, тенчиликте, саламатчылыкта жашосун самап кызмат өтөй баштады.

Амат Бердиев Инсан катары кандай кызмат болбосун (катардагы инспектордон бөлүм жетекчилигине чейин) кайсыл жерде болбосун дайыма алдынкы көрсөткүчтөргө жетише алды. Бажы кызматындагы өз эмгегинде, кызмат милдети менен адамгерчиликтин асыл-сапаттарын бирдей алып жүрө алган бажычы катары белгилүү. Айрыкча өсүп келе жаткан жаш кадырларга офицерлерге, туура жол көрсөтүү менен бирге, өзүнө, жүктөлгөн милдеттерди, терен иш тажрыйбасы, жогорку жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүгү менен аткарып келди.

Жогорудагы эмгек кызматы менен катардагы офицер-лейтенанттан бажы кызматынын подполковниги чинине чейин көтөрүлдү.

1996-1998 жж. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин «Юристпруденция» адистиги боюнча окусун бүтүргөн.

Ал эми 2001-жылы АКШнын Техас штатында бажы иштери боюнча: террорчулукка, наркоманияга жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшү боюнча окуу курсун окуп келген.

Амат Бердиевтин жетекчилиги менен 1999 – жылы Лейлек районундагы Тажик Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чекарасындагы «Кайрагач» бажы күзътүү (мезгилине жараша 5 комнаталы иш батир) жана бажы аймак мамлекеттик бажы инспекциясынан эч кандай финансалык жана материалдык жардамысыз эле, «Ашар ыкмасы» менен курган, ошондой эле, эл аралык «Достук» бажы күзөтүн курууда да салымы өтө зор.

Амат Бердиевтин бажы тармагына жасаган ак эмгектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы жогору баалап, бир канча Ардак грамоталар жана төш белги медалдары менен сыйлаган. Ушул күндө бажы кызматынын ардактуу ардагери, ошондой эле КР бажы кызматынын «Мамлекеттик мыкты бажы кызматкери».

Амат Бердиев 1999-2000жылдагы ЭБФтин мүчөлөрүн Баткен областынын аймагында талкалоого жана жок кылууга катышкан. Баткен согушунун ардагери жана көрсөткөн эрдиктери үчүн коомдук бирикменин жана мамлекеттик Ардак грамота, орден, медалдары менен сыйланган.

Амат Бердиев бактылуу үй-бүлөөнүн атасы катары, өмүрлүк жолдошу Исакова Гулайым Абибиллаевна экөө төрт уул, бир кызды жана неберелерди тарбиялап жатышат.

Аялы: Исакова Гулайым-1961 жылы Өзгөн шаарында, жумушчунун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Билими жогорку эконмист-бухгалтер. Жалал-Абаддагы кооперативтик техникумду артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Караганда шаарындагы жогоркуу кооперативтик институттун бухгалтер-экономист адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Куршаб Рабкоопто экономист-бухгалтер болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкан.

Уулу: Бердиев Элнурбек - 1986 жылы туулган, билими жогорку, врач. КММИ бүтүргөн. Бишкектеги улуттук госпиталда хирург. Аспирант.

Уулу: Бердиев Уланбек-1987 жылы туулган, билими жогорку бажы кызматкери, ага-лейтенант. Россиянын бажы академиясын бүтүргөн, Түштүк Батыш бажысынын ага-инспектору.

Кызы: Аматова Гуланда-1991-жылы туулган. Билими жогорку, тилмеч-менеджер. Ош МУтин жана Кытай эл Республикасынын жогорку окуу жайын бүтүргөн. Өзгөн шаарында банкта эмгектенет.

Уулу: Аматов Бексултан-1995 жылы туулган. Билими жогорку, энергетик информатор. Москвадагы улутук экспременталдык институту бүтүргөн. Окуусун улантууда

Уулу: Аматов Сыймык-2000 жылы туулган. Тангатаров атындагы гимназиянын бүтүрүүчүсү.

Бердиев Амат Куршаб айыл өкмөтүнүн атайын токтому менен «үлгүлүү үй-бүлөөнүн ээси».

Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда өзүнүн курч мүнөзү, бирок жан дүйнөсү жумшак, айлана–чөйрөгө сезимталдык менен карап, жаратылыштын сулуулугуна да сарасеп сала коздукту, тазалыкты, тыкандыкты баалаган инсан. Ал өзүнүн районун Куршаб айылындагы каралбай калып кеткен токойчулуктун 50га жер аянтын өздөштүрүүгө, жемиш багына жана гулзарга айландырууга өз салымын кошуп элдин алкоосунда.

Бердиев Аматтин 35 жыл комсомолдук, профсоюздук, советтик, чарбалык жана бажы кызматындагы көрсөткөн эмгектери, ошондой эле «Баткен согушуна» катышып көрсөткөн эрдиктери үчүн сыйлыктары:

• ЦК ВЛКСМдын Ардак грамотасы

• ЦК ВЛКСМдын «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» төш белги.

• ЦК ВЛКСМдын «ВЛКСМ 70 жыл» юбилейлик төш белги.

• КР фин. Минстр. алдындагы МБИнын Ардак грамотасы.

• КР фин. Минстр. алдындагы Киреше комитет. Ардак грамотасы

• КР Өкмөтүнүн алдындагы МБКомитетинин Ардак грамотасы

• КР Өкмөтүнүн алдындагы МБ Кызматынын Ардак грамотасы

• МБКызматынын «Бажы кызматынын мыктысы» төш белгиси

• «Бажы кызматынын ардагери» медалы

• КР Бажы кызматынын ардагерлер кенешинин «Бажы кызматы үчүн» медалы

• КР Бажы кызматынын ардагерлер кенешинин «5жыл, 10 жыл КР БК АК» медалдары

• КР Өкмөтүнүн алдындагы МБИнспекциясынын «КР бажы кызматынын 15-ж, 20-ж.» юбилейлик медалдары.

• «Бажы органындагы кызматы үчүн I, II, III. даражадагы» медалдары.

• «Баткен окуясынын катышуучусу» медалы.

• «Баткен окуясынын ардагери» медалы

• «Каарманмандыгы жана эрдиги» медалы

• «1941-1945 жылдагы УАМ согуштук женишинин 65 жылдыгы» юбилейлик медалы.

• «Женишке ырахмат» (Спасибо за победу) медалы.

• «1999-2000 жыл Баткен согушунун ардагери» юбилейлик ордени.

• «Баткен согушуна 15-жыл» медалдары жана райондук, областык, ардак грамоталары, куттуктоо баракчалары менен сыйланган.

Бердиев Аматтин бажы кызматында кызмат өтөп жүргөндөгү кадрлары :

- Аманкулов Айбек Мамасабитович – «Достук» эл аралык бажы күзөтүндө чогу иштеп, көптөгөн практикалык жардамдарды көрсөткөн. Азыр эл аралык «Эркештам» бажы күзөтүндө ага инспектор, бажы кызматынын капитаны.

- Марифов Шарабидин Жолборсханович «Шархан-Сай» бажы күзөтүндө чогу кызмат өтөгөн. Жетекчилик, кагаз иштери боюнча көрсөтмө , жардам берген. Азыр Бишкектеги «Борбордук бажыда» начальниктин орун басары, бажы кызматынын подполковниги.

- Надиров Нургазы Кулмурзаевич «Карасуу темир жол» бажы күзөтүндө чогу эмгектенген . Кагаз иштерин, бажы эрежелерин бузгандар менен күрөшүү иштерине жардам берген. Азыр эл аралык «Эркештам» бажы күзөтүндө ага инспектор, бажы кызматынын капитаны.

- Ильясов Жоомарт Ильясович «Ыкчам бажы кызматында» чогуу иштеген. Курал жарактарды алып жүрүү, аны кантип сактоо, «тревога» учурунда эмне иш чараларады иштеп чыгуу жактарын үйрөткөн. Азыр Ош бажысында «уюштуруу жана контролдо» бөлүмүнүн башчысы,бажы кызматынын майору.

- Шабданова Жыпара кадрлар бөлүмүндө чогу иштешкен (убагыда оператор кызматында болгон) кадрлар бөлүмүнүн иш кагаздары , аны кантип жүргүзүү боюнча үйрөткөн. Азыр кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору.