Амонашвили, Шалва Александрович

Википедия дан

Амонашвили Шалва Александрович (1937–ж. т.Тбилиси ш.) грузин педагогу. Балдарды мектеп шартында алты жаштан баштап окутуунун бирден бир демилгечиси. Узак жылдар башталгыч билим берүүнүн жалпы мазмунун, формаларын жана методдорун аныктоо багытында эксперимент жүргүзгөн жана анын натыйжаларын 1983 ж. «Саламатсыңарбы балдар!», 1986 ж. «Алты жаштан мектепке», 1986 ж. «Кандай өмүр кечирип жатасыңар, балдар?», 1990 ж. «Педагогикалык процесстин инсан таламдуу негиздери» аттуу эмгектеринде жалпылаган. Амонашвилинин окутуу-тарбиялоо системасы гуманизмге, баланын мүмкүнчүлүгүнө карата терең ишенимге негизделген. Ал мектептеги 5 баллдык системанын, балдарды бири бирине салыштырып кароо сыяктуу салттуу ыкмаларга тескери мамиледе болгон. Амонашвили балдардын энергиясын жемиштүү иш-аракеттерге багыттоо боюнча педагогдор үчүн сунуш-кеңештерди иштеп чыккан. Амонашвилинин педагогикалык көз караштары, идеялары Кыргызстанда да кеңири белгилүү. Ал өзү да республиканын педагогика коомчулугунун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташ. Бир нече жолу Кыргызстанга иш сапары менен келип, мугалимдер үчүн лекция, семинарларды өткөргөн, айрым аспиранттардын диссертациялык изилдөөлөрүнө жетекчилик кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,