Амёбалар
Амёбалар (лат. Amoebina) – жөнөкөйлөр тибинин тамыр буттуулар классына кирүүчү организмдер. Микроскоп аркылуу караганда өлчөмү 20дан 700 мкмге жетет. Дене формасы туруктуу эмес. Тузсуз, кээде деңиз сууларында, ылайлуу көлмөдө, кээ бири жер кыртышында жашайт. Бактериялар, бир клеткалуу балырлар жана майда жөнөкөй жаныбарлар менен азыктанат. Жыныссыз, бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Ал кыймылдоо жана азыктануу учурунда цитоплазмалык денесинен убактылуу өсүндү-псевдоподияларды пайда кылат. Алар ошол жалган буттары (псевдоподиялар) менен жылат жана жемин кармайт. Жалган буттары менен кармаган жеминин айланасына цитоплазмадан азык сиңирүү зили бүлүнүп, сиңирүү вакуоласы пайда болот. Азык ошол вакуоланын ичинде эрип, цитоплазмага сиңет. Сиңген азык калдыгы жана суу жыйрылуу вакуоласы аркылуу сыртка чыгарылат. Жашоого оңтойсуз шартта (азыктын жетишсиздиги, суук, көлмөлөрдүн соолушу) Амёбалардын денеси тоголоктолуп, сырты тыгыз кабык (циста) менен, капталат. Оңтойлуу шартта циста жоюлуп, Амёбалар мурдагы калыбына келет. Амёбалардын жүзгө жакын түрү омурткалуу жаныбарларда мителик кылат. Протей амёбасы: 1эктоплазма; 2-эндоплазма; 3-сиңбей калган азык калдыгы (сыртка чыгарылат); 4-жыйрылткыч вакуоль; 5-ядро; 6-азык сиңиргич вакуоль.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1