Анабаарын, урук
Jump to navigation
Jump to search
Ана баарын - баарын уруусунун курамындагы уруктун аталышы[1].
Этноним тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]
Этнонимдин биринчи компоненти “ана” монгол тилинде “болжолу тең, бирдей, барабар” маанисин берет[2].Баарун\\баарунгар “батыш” же “оң канат”, оң колдогу (канаттагы) аскерлер маанисин аныктары белгилүү. Баарын кыргыз тилинде “ителги менен ылаачындын аргындашынан чыккан алгыр куш” маанисин берет (КТТС, 109). Этнонимдин баштапкы мааниси тотемдик түшүнүктөн келип чыгышы толук мүмкүн.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Баарындар - орто кылымдардагы монгол тилдүү уруу, кийинчерээк Моголстандын түрк тилдүү урууларынын курамынан эскерилет. Аталган этнокомпонент кыргыздардын курамына ХIV-ХV кк. кирүүсү мүмкүн.
Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 б. ISBN 9967-21-621-2