Анадолу күрөң көмүр бассейни

Википедия дан

Анадолу күрөң көмүр бассейни - Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан. Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геологиялык запасы 3,8 млрд о. Кен негизинен (88%) ачык жол менен казылып алынат. Палеоген жана неогендин көмүрлүү чөкмөтек катмарларынын арасында өтө татаал түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5-2,5 м, неогендики 5-20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%, күлдүүлүгү 15-35% , жылуулук берүү энергиясы 12-20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1