Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү

Википедия дан

Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү — грамматикалык же логикалык ар тараптуу анализдин негизинде, элементтерге ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү жөнүндөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө чындык таза логикалык анализ жолу менен орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык түшүндүрмө берет. Канттын ою боюнча синтездик априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги логикада жана илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну менен аналитикалык дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү менен байланыштуу. Ал эми синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1