Анализдин химиялык методдору

Википедия дан

Анализдин химиялык методдору - заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо ыкмасы. Химиялык анализ сапаттык жана сандык, ошондой эле элементтик, молекулалык, функциялык, изотоптук, фазалык болуп да айырмаланат. Химиялык анализ салмактык (гравиметриялык) жана көлөмдүк (титриметриялык) ыкмалар менен жүргүзүлөт. Салмактык ыкмада аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын салмагы ченелет. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион менен реакцияга кирүүчү заттын белгилүү концентрациядагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1