Анализдин химиялык методу

Википедия дан

Анализдин химиялык методу – заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо. Хим. анализди жүргүзүш үчүн аныктала турган зат курамын чагылдыруу аналитикалык касиетин байкап ченөө керек. Мис., аммиак жыты б-ча, карбонаттар күкүрт к-тасы менен аракеттенишкенде СО2 газын бөлүп чыгаруусу менен аныкталат. Аналитикалык реакциялар негизинде заттар аналитикалык касиеттеринин өзгөрүшү б-ча хим. анализ методу түзүлөт. Хим. анализ максатка ылайык сапаттык жана сандык, болуп бөлүнөт. Мындан тышкары хим. анализди: элементтик, мол., функционалдык, изотоптук, фазалык деп да бөлөт. Хим. анализди массалык (гравиметриялык) жана көлөмдүк (титриметриялык) методдор менен жүргүзөт. Массалык методдо аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын массасын ченейт. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион менен реакцияга кирүүчү заттын белгилүү концентрациядагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]