Анаркулов Хабибулла

Википедия дан

Анаркулов Хабибулла (1943-жылы туулган, Өзбекстан, Анжыян облусу) - педагог. Педагогика илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1969). Ушул эле институтта окутуучу, кафедра башчысы, 1996-жылдан профессор. Самбо, дзюдо, эркин күрөш, улуттук күрөш боюнча жогорку категориядагы судья. СССРдин спорт чебери. Жалпы педагогика жана спорт педагогикасы боюнча адис. 100дөн ашуун илимий-методикалык эмгектерди, «Кыргыз эл оюндары» (1991), «Ала-Тоонун балбандары» (1989) жана башкаларды жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1