Анафора

Википедия дан

Анафора—(гр.— жогору көтөрүү)—речтин баш жагында эки же андан артык жолдордо окшош сөздөрдүн кайталанып келишин билдирген стилистикалык фигура.

  1. Быйыл жаздын гүлдөрү көп,
  2. гүлдөрү сопун.
  3. Быйыл жаздын чөптөрү көп,
  4. чөптөрү сонун.

(М. Абылкасымова)
Мында «быйыл жаздын» деген сөз кайра кайталанып, келип, анафора түзүлүп жатат. Ыр саптарындагы сөздөр тыбыштык жагынан да окшошуп анафора түзүлө берет:

Карагаттай көзүңдөн,
Кагылайын өзүңдөн.

(А. Токомбаев)

"Манас" эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпосто А. кеңири колдонулат:

  1. Мейли Манас алабы,
  2. Мейли Манас баатырды
  3. Балакеттүү Макел дөө
  4. Байлап кетип калабы? (Сагымбай Орозбаков, 4.239).

«Манаста» синтаксистик бир өңчөй башталыш кеңири өнүккөн, айрыкча каармандардын диалог, монологдорунда көп учурайт: «Бирөөнүн тону тон болбос, Бирөөнүн аты ат болбос» (Саякбай Каралаев, 2.63).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]