Ангарoв Николай Константинович

Википедия дан

Ангарoв Николай Константинович (1914-жылы туулган) актёр жана театр ишмери; Казак ССРинин (1956) жана КРнын эл артисти (1974). Сахналык ишмердиги 1933-жылы башталган. 1949-жылдан Уралдагы облустар аралык театрда актёр, 1960-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында директор жана актёр. Аткарган ролдору: Омор (Т. Абдумомунов, «Даттанууга болбойт»), Линьков (Соболев, «Кожоюн»), Крутояров (Н. Погодин, «Ишеним»), Корчевой (Тумановская, «Дачадагы туюк жер»), Данкевич (Д. Гранин, «Чагылганга аттандым»), Феодор Леонидович (Собко, «Менин сырымды сактагыла») жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1