Ангелдер

Википедия дан

АнгелдерВизантия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185-95). Ангелдер бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички жана тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. Ангелдердин акыркы башкаруучуларынын Константинополь шаарынын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204-1318-жылдары Ангелдер Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1