Англиядагы революция

Википедия дан

Англиядагы революция (17-кылым) - Англиядагы коомдук мамилелердин жана башкаруу формасынын радикалдуу өзгөрүүсүнө алып келген диний-саясий жана социалдык конфликт. Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган жалпы европалык масштабдагы социалдык революция болгон. Анын жүрүшүндө оор социалдык-экономикалык, саясий кризисти башынан өткөрүү менен Англия жаңы цивилизацияга кадам койгон. Революциянын башталышына король Карл I Стюарттын мамлекетти парламентсиз башкаруусу, өзүнүн жакын аристократтарына монополиялык укуктарды ыйгаруусу, француздарга жана испандыктарга каршы жүргүзүлгөн согуштун ийгиликсиз аякташы, ошондой эле Шотландияда протестанттык чиркөөнү англикан чиркөөсү менен алмаштыруу үчүн жүргүзүлгөн согушта королдук аскерлердин жеңилиши түрткү болгон. Каражатсыз жана дээрлик аскерлеринен айрылган Карл I «Узак парламент» (1640-1642, 1660) деген атка конгон жаңы парламентти чакырууга аргасыз болот. Англиядагы революция аталган парламент менен королдун ортосундагы каршылашуу формасында жүргөн. Англиядагы революциянын I этабы (1640-1642) конституциялык мезгил деп аталган. Бул мезгил ичинде парламент кайрадан чакырылып (Узак парламент), элдин нааразычылыгын пайда кылган королдук министрлердин (граф Страффорд, архиепископ Лод) кызматтан алынышы жана соттолушу, саясий куугунтукталгандарды бошотуу жана сот процессин ачык жүргүзүүнү кийирүү, монополияларды жоюу сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлгөн. Англиядагы революциянын II этабы (1642-1647) революциянын жогорку чегине жетиши жана биринчи граждандык согуш менен мүнөздөлөт. 1642-жылы январда Карл I «Улуу Ремонстрациянын» (бул документ парламент тарабынан 1641-жылы декабрда кабыл алынып, буржуазиялык-дворяндык оппозициянын программасы болгон. Анда епископтукту жоюу, жарандардын керт башынын кол тийбестигин жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо, монополияларды жоюу талабы коюлган) шарттарын аткарууну талап кылган парламенттик беш депутатты камакка алуу аракетине парламент каршы чыккан. Жеңилүүгө аргасыз болгон Карл I 1642-жылы Лондонду таштап, өлкөнүн түндүгүнө кеткен жана августта парламентке каршы согуш жарыялаган. Граждандык согуштун башталышында общиналар палатасынын мүчөсү Оливер Кромвель парламенттик аскерлерди жетектеген. Кромвель регулярдуу парламенттик армияны түзүүгө жетишип, 1645-жылы 14-июнда королдук аскерлерди Нейзбинин алдындагы салгылашууда толук талкалайт. Карл I түндүккө качып, шотландиялыктарга багынып берген. Англиядагы революциянын III этабында (1647-49) экинчи граждандык согуш башталып, революция демократиялык этапка өткөндүгү менен мүнөздөлөт. Революциялык демилге эл массаларынын колуна өткөн. Парламенттин король менен сүйлөшүү жана революциялык армияны таркатуу (март, 1647) аракеттери өлкө боюнча элдик, анын ичинде аскерлердин өзүлөрүнүн да нааразычылыктарын пайда кылган. О. Кромвель жана Ферфакс парламенттеги пресветериандык көпчүлүк депутаттардан кол үзүп, армияга таянуу менен 1647-жылы июнда Карл I камакка алат. Бирок король Шотландияга качып кетип, алар менен жашыруун союз түзгөн. Ага жооп кылып парламент король менен мамилесин толук үзгөн жана 1648-жылы экинчи граждандык согуш башталган. Королду жактаган роялисттердин аскерлери Кромвелдин мыкты уюшулган аскерлеринен бат эле жеңилген. 1648-жылы сентябрда согуш аяктаган. Общиналар палатасы эл жана армиядан жашыруун король менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Кромвель чечкиндүү кадамдарды жасоо менен королду Херст түрмөсүнө камаган. 1648-жылы 6-декабрда парламентте «Прайд тазалоосу» жүргүзүлүп, анда полковник Прайд общиналар палатасынын кире беришине өз аскерлери менен кайтаруу коюп, король менен компромисске макул болгон депутаттарды киргизбей койгон. Андан соң Карл I Стюарттын кылмыштарын териштирүү үчүн Жогорку Сот түзүлүп, анын чечими менен 1649-жылы 30-январда королдун башы жалпы эл алдында алынган. Англияда республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1649-жылы 17-июнунда кабыл алынган мыйзам боюнча королдук бийлик жоюлган, парламент өлкөдөгү жогорку бийлик органы катары жарыяланган. 1653-жылы 20-декабрда Кромвель Узак парламенттин делегаттарын кууп таркатып, 1653-жылы Англияда жаңы Конституция «Башкаруу куралы» кабыл алынган. Ал боюнча Кромвель Англия, Ирландия жана Шотландиянын лорд-протектору кызматын алып, өлкөнү парламент менен чогуу башкарган. Англия протекторат мезгилинде полициялык мамлекетке айландырылып, жарандардын жеке турмушу да мамлекеттик көзөмөлгө алынган. 1658-жылы 3-сентябрда О. Кромвель дүйнөдөн кайтып, бийлик анын уулу Ричардга өткөн. Ричард Кромвелдин учурунда бийлик кайрадан парламентке өткөн. Парламенттин өлкөдө реформаларды ишке ашырууга жөндөмсүздүгү элдик нааразычылыктарды күчөткөн. 1659-жылы күзүндө генерал Ламберт армиянын жардамы менен парламентти таркатып, аскердик диктатураны орноткон. Аскердик диктатура мезгилинде өлкөдө саясий стабилдүүлүк калыбына келтирилбестен, тескерисинче элдик толкундоолор күч алган. Натыйжада, буржуазиялык-дворяндык союз монархиялык бийликти калыбына келтирүүнү чечет. Шотландиядагы аскерлерди жетектеген генерал Монк Лондонду ээлеп, жаңы парламент чакырган. 1660-жылы 26-майда Англияда кайрадан монархиялык башкаруу калыбына келтирилип, Бред декларациясынын шарттарынын негизинде Карл II такка отурушу менен Англияда Стюарттардын монархиясы калыбына келтирилген. Монархиялык бийлик жана англикан чиркөөсүнүн укуктары калыбына келтирилгендигине карабастан, республика жана протекторат мезгилинде кабыл алынган негизги мыйзамдар (жерге болгон жеке менчиктин мыйзамдаштырылышы, жана башка) өз күчүн сактап калган жана Стюарттардын өлкөдө абсолюттук монархияны калыбына келтирүү аракетине жооп кылып, буржуазия жана джентри 1688-жылы «Даңктуу революцияны» ишке ашырышкан. Анын жыйынтыгында Англия конституциялык-парламенттик монархияга айланган. Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган европалык масштабдагы биринчи социалдык революция болгон. Монархия кулатылып, республикалык түзүлүштү жарыялоо менен, кийинчерээк монархиянын калыбына келтирилишине карабастан бул революциянын натыйжасында бүткүл Европада буржуазиялык коомдук-саясий түзүлүшкө өтүү процессине негиз салынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1 кандай сулуу кыз