Андалузит

Википедия дан
Андалузит.

Андалузит (Испаниядагы Андалузия провинциясынын атынан) - минерал, силикаттар классына кирет. Химиялык формуласы Al2Si2O5. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5-7,5, тыгыздыгы 31303160 кг/м3. С салмагы 3,16-3,21. Өңү боз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. Андалузит метаморфизмделген сланецтер менен гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металын да алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1