Андезит

Википедия дан
Андезит.

Андезит (Түштүк Америкадагы Анд тоолорунун атынан) - порфир структурадагы эффузив тоотеги. Курамында SiO2 54-62% жана K2O+Na2O 6%ке чейин. 1836-жылы немец геологу К. Л. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. Андезит курамы кремний (56-60%) жана калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар менен чогуу азыркы жана байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги бөлүгүн түзөт. Андезит кислоталарга чыдамдуу буюмдарды жасоодо жана курулуш иштеринде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1