Андрей Константинович Гейм

Википедия дан
Андрей Гейм (2010).

Андрей Константинович Гейм (нидерл. Andre Geim; 1958-жылы Сочиде туулган) - советтик, голландиялык жана англиялык физик, физика боюнча 2010-жылкы "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (Константин Новоселов менен бирге), Лондон падыша коомунун мүчөсү (2007), биринчи кезекте графен алуу ыкмасын иштеп чыгуучулардын бири катары белгилүү. Каныша II Элизабеттин 2011-жылдын 31-декабрындагы буйругу менен илимге кошкон салымы үчүн бакалавр-рыцары деген наам ыйгарылып, атына расмий түрдө "сэр" титулун кошуп айтуу укугу берилген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Геймдин жетишкендиктеринин бири катары кийин gecko tape деген ат менен белгилүү болгон биомиметикалык адгезивди (жабыштыргыч) айтууга болот.

Мындан тышкары диамагниттик левитация үстүндөгү тажрыйбалары жалпыга белгилүү. Муну менен катар таанымал "учкан бака" тажрыйбасы да бар. Бул тажрыйба үчүн Гейм 2000-жылы Бристол университетинде иштеген математик жана теоретик Майкл Берри менен бирге Шнобел сыйлыгын алган.

2004-жылы Андрей Гейм окуучусу Константин Новоселов менен бирге бир атомдуу көмүртек катмары болуп эсептелген графен аттуу жаңы затты алуунун ыкмасын ойлоп тапкан. Кийинки тажрыйбаларда графендин сейрек кездешкен бир катар өзгөчөлүктөргө ээ экени билинген. Тактап айтканда, графен - абдан бышык, электр тогун жез сыяктуу эле жакшы өткөрөт, жылуулук өткөрүмдүүлүгү бардык белгилүү темирлерден ашат, тунук, ошол эле учурда бар малекулалардын эң майдасы болгон гелийдин малекуласын да өткөрбөйт, б.а. тыгыз. Мунун баары графенди бир катар колдонмолор үчүн келечектүү материал кылат. Атап айтканда, мындан сенсордук (сүртмө) экрандарды, жарык панелдерин, жана балким күн батареяларын даярдоо мүмкүн болгон.

Бул ачылышы үчүн Физика институту (Улуу Британия) 2007-жылы Геймди Мотт төш белгиси менен сыйлаган.. Ал ошондой эле (Константин Новосёлов менен бирге) кадыр-барктуу Еврофизика сыйлыгын алган. Графендин ойлоп табылышы 2010-жылы "Нобель" сыйлыгы тарабынан да бааланып, Гейм менен Новосёлов бул сыйлыкка ылайык көрүлүшкөн. Гейм Шнобел сыйлыгын дагы, "Нобель" сыйлыгын дагы алган биринчи окумуштуу болуп саналат. 2013-жылы ал Копли төш белгиси менен сыйланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]