Анкepат

Википедия дан

Aнкepат (австриялык минералог М. Анкердин ысмынан), күрөң шпат - доломит тобундагы татаал карбонат минералы. Химиялык формуласы Ca(Fe2+,Mg, Mn2+)[CO3]2. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак, боз, кызгылт күрөң. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-4, тыгыздыгы 2930-3100 кг/м3. С. салмагы 2,9-3. Жаратылышта негизинен гидротермдик полиметалл жана кычкыл карбонаттуу темир кенташтарынын метасоматоз тибиндеги кендеринде болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1