Анналдар

Википедия дан

Анналдар (латынча annus - жыл) - жыл ичиндеги олуттуу окуяларды каттоо; тарыхый-баяндоо даректеринин адепки формасы, жазма санжыра. Жылына каттоо байыркы заманда көп элдерде болгон, бирок «Анналдар» термини байыркы Римден чыккан. Анда жылда болгон олуттуу окуяларды тактайга жазып, элге жарыя көрсөтүп коюла турган. Кыязы анналдар биздин заманга чейинки 387-жылы Римдеги өрттөн улам жок болуп кетсе керек, кийин эсте калгандары кайрадан жазылып, улантылган. 130-жылга жакын анналдар 80 китепке чогултулган («Чоң Анналдар» жыйнагы). 123-114-жылдары анналдарды жазуу токтотулган, бирок анналчылардын чыгармалары үчүн тарыхый булак болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1