Аннам тоолору

Википедия дан
Аннам тоолору.

Аннам тоолору, Чыонгшон - Вьетнам менен Лаостогу тайпак тоо. Индикытай жарым аралынын чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Узундугу 1300 м, туурасы 300 км. Бийиктиги 3280 мге чейин. Аннам тоолорунун түндүк бөлүгү акиташ, кумдук, түштүгү базальт тоо-тектеринен түзүлгөн. Тоонун деңиз тарабы жылга-жыбыттуу, ички бөлүгү жапыз дөңсөөлү. Меконг, Сонгба, Лагна өңдүү ири дарыялар агып чыгат. Тоо арасындагы түздүктөрдө саванна, капталдарында тропик токойлору (пальма, бамбук, родедендрон), бийик тоолордо жазы жалбырактуу токойлор (эмен, каштан, кызыл карагай) өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1