Антеклиза

Википедия дан

Антеклиза (анти... жана грекче klisis - ийүү) платформадагы жер кыртышын түзүүчү катмарлардын кеңири аянтта узак убакыт бою жогору көтөрүлүүсүнөн пайда болгон капталдары бир аз эңкейиш тарткан тектоникалык структура. Анын пайда болушу бир нече геологиялык мезгилге чейин созулат. Көтөрүнкү жериндеги чөкмө тоо-тек катмарларынын калыңдыгы жукарып, платформанын фундаменти жер бетине жакын жатат. Мисалы, Орус платформасындагы Волга Урал, Воронеж, Белорус антеклизалары жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1